«Акылдуу адам — өз напсисин көзөмөлдөп, өлүмдөн кийинки жашоо үчүн амал кылган адам. Алсыз адам болсо — напсисинин каалоолорун ээрчип алып, анан Аллахтан куру кыялдарды гана күткөн адам.» Термизий, 2459, Ахмад, 17164, ибн Маажа, 4260
Бүгүн, 16-июнь күнү «Сулайман-Тоо» атындагы борбордук мечитте Ош шаарындагы дин кызматкерлеринин маданиятын, бирдиктүү тартибин жана кадыр-баркын арттыруу максатында, калаа аймагындагы бардык мечиттердин имамдары бирдиктүү атайын расмий формалар берилди.
Имамдардын бирдиктүү формага өтүүсү Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закировдун демилгеси менен болуп, дин кызматкерлеринин сырткы маданиятын, кийинүү адебин иретке келтирүү жана бирдиктүү стандартты калыптандыруу боюнча тапшырмаларынын алкагында ишке ашты.
Иш-чарага Азирети Муфтийдин Ош шаарындагы өкүлү Самидин кары Атабаев, орун басары Акжол ажы Бакиров, өкүлчүлүктүн эмгек жамааты жана шаар аймагындагы жума, беш убакыт намаз окулуучу мечиттердин имамдары катышты.
Самидин кары Атабаев өз сөзүндө имам — бул коомдун күзгүсү, руханий жетекчиси экенин баса белгилеп, бирдиктүү форма дин кызматкерлеринин жоопкерчилигин дагы бир тепкичке көтөрөрүн билдирди.
«Имам эл алдында, трибунада жана коомдук иш-чараларда өзүнүн илими, адеби менен гана эмес, сырткы маданияты, кийими менен да үлгү болушу керек. Бул бирдиктүү кийимдер дин кызматкерлерибиздин бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарган ынтымагын жана расмий статусун көрсөтөт», — деди Самидин кары.
Эскерте кетсек, Ош шаардык мусулмандар казыяты акыркы убактарда дин кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу, мечиттердин заманбап шарттарын жакшыртуу жана санариптештирүү багытында бир катар алгылыктуу иштерди жүргүзүп келет.