Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.
“Сен жетимге каарданба! Ал эми тилемчиге орой мамиле кылба!” (Духа сүрөсү, 9-10)
Боордош Казакстандын Алмата шаарында жайгашкан Нур-Мубарак университетинде “Борбор Азия жана Казакстандагы ислам: тарыхый салттуулук жана заманбап көз караш” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция өз ишин баштады. Эл аралык конференцияга Кыргызстан мусулмандарынын атынан Азирети Муфтийдин биринчи орун басары Самаган ажы Мырзаибраимов катышууда.
Иш-чара ыйык Курани Карим окуу менен ачылып, Казакстан муфтийи Ноорузбай ажы Таган уулунун дубасы менен старт алды.
Конференцияга Казакстан муфтиятынын жетекчилиги, Египеттин Вакфтар министрлигинин өкүлү, профессор Усама Фахри Фикри аль-Жинди, Россия мусулмандарынын Дин башкармалыгынын төрагасынын биринчи орун басары, Москва Ислам институтунун ректору Дамир Мухетдинов, Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин биринчи орун басары Самаган ажы Мырзаибраимов, Москва Ислам институтунун чет элдик студенттер факультетинин ректору Дамиран Мухетдинов, Египеттеги Аль-Азхар университетинин профессору Нахла ас-Сагиди, Өзбекстан Дин башкармалыгына караштуу Фатва борборунун директорунун орун басары Гуломжон Холбоев, Нур-Мубарак университетинин ректору, профессор Мухаммад Хуссейнс жана башка коноктор катышып жатат.
Саамалыкта Казак Дин башкармалыгынын төрагасы баяндама жасап, Мавераннахр аймагына ислам дининин таралуу тарыхына токтолду. Ал ислам дини кылымдар бою Борбордук Азия өлкөлөрүндө руханий маданияттын, билимдин, илимдин өнүгүшүнө зор салым кошконун белгиледи. Ал ошондой эле быйыл Казакстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын түзүлгөнүнө 35 жыл толуп, 1990-жылдан тарта дин башкармалыгы өнүгүү жолуна түшкөнүн кошумчалады.
Ал эми Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин 1-орун басары Самаган ажы Мырзаибраимов эл аралык салмактуу илимий иш-чарага ийгилик каалап, уюштуруучулук тизгинин колго алган Казакстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын 35 жылдыгы менен куттуктап, Орто Азия жана Казакстан калктарынын орток баалуулуктарына жана орток өтмүшүнө, аймактагы ислам дининин позитивдүү таасирине жана генезисине кеңири токтолду.
Эл аралык конференциянын жүрүшүндө Казакстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын 35 жылдыгына арналган сүрөт көргөзмөсү тартууланды. Фотокөргөзмөдө Орто Азия жана Казакстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы жана муфтийлери боюнча архивдик сүрөттөр коюлду.
Белгилей кетсек, конференция казак, араб, орус жана англис тилдеринде өтүп жатат.