"Жамаат менен окулган намаз жеке окулган намаздан 27 даража артык".
 (Бухари, №645; Муслим, №650)
Общество | 29.05.2026
  • |

Сулумбек ажы Узеналиев медаль менен сыйланды

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттигинин 30 жылдык мааракесине карата өлкөбүздүн руханий өнүгүүсүнө, дин тармагындагы туруктуулукту камсыздоого жана коомдук ынтымакты бекемдөөгө кошкон зор салымы үчүн Азирети Муфтийдин Чүй облусундагы өкүлү Сулумбек ажы Узеналиев 30 жылдык юбилейлик медалы менен сыйланды.

Бул жогорку сыйлык — көп жылдык үзүрлүү эмгектин, жоопкерчиликтүү кызматтын жана эл үчүн жасалган ак ниет иштердин татыктуу баасы.

Сулумбек ажыны алган сыйлыгы менен чын жүрөктөн куттуктайбыз! Ден соолук, узун өмүр, иштерине ийгилик жана элибиздин биримдигин, руханий баалуулуктарын чыңдоо жолундагы кызматтарына мол береке каалайбыз.

 Сыйлыгыңыз кут болсун! Аллах Таала мындан аркы иштериңизге да ийгиликтерди насип кылсын!