Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.

«(Оо, Мухаммед!) Аларга: «Билгендер менен билбегендер тең боло алабы?», – деп айт. 
Чындыгында, акыл ээлери гана (Курандан) насаат алат».
Зумар сүрөсү, 39/9
Общество | 13.05.2025
  • |

Таласта ажылык сапарына аттануучу зыяратчыларга диний сабак өтүлдү

Талас облусунда 2025-жылдагы ажылык сапарына бара турган жарандар үчүн атайын диний сабак уюштурулду. Иш-чаранын алкагында катышуучуларга ажылык ибадатына даярдык көрүү, анын шарттары жана аткарылыш тартиби тууралуу кеңири маалыматтар берилди. Сабакты КМДБ халал иштерин өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Бактияр ажы Токтогазы уулу алып барды. 

Ал өз сөзүндө ажылыктын пазилети, сооптору, фарз жана ваажиб амалдары тууралуу кеңири токтолуп, ихрамга кирүү жана ага байланыштуу өкүмдөрдү, тыюу салынган жана уруксат берилген иштерди да түшүндүрүп берди. 
Зыяратчылар сабактан пайдалуу маалымат алып, өздөрүнүн кызыктырган суроолоруна жооп алышты. Бул окутуу иш-чарасы алардын ажылыкты туура жана толук кандуу аткаруусуна шарт түзөрү белгиленди.