«Силер кайда гана болбогула, Алла (ар дайым) силер менен бирге» (Хадид, 4)
Общество | 30.09.2026
  • |

Түштүк аймактагы медресе мугалимдери үчүн IT сабагы уюштурулду

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы (КМДБ) тарабынан Түштүк аймактагы диний окуу жайлардын мугалимдери үчүн IT багытында атайын окуу курсу уюштурулду.

Аталган окууга Баткен жана Ош облустарындагы, ошондой эле Ош шаарындагы КМДБга караштуу медреселерден жалпы 46 мугалим катышты.

Окуунун ачылыш аземине Муфтияттын өкүлү, диний билим берүү адиси Токтогулов Н.А. катышып, иш-чараны салтанаттуу түрдө ачып берди. Ал өз сөзүндө заманбап маалыматтык технологияларды өздөштүрүүнүн жана аларды диний билим берүү тармагында туура колдонуу маанилүү экенин белгиледи.

Окутуунун негизги максаты — медресе мугалимдеринин заманбап маалыматтык технологияларды колдонуу боюнча билимдерин жогорулатуу жана окуу процессинде IT мүмкүнчүлүктөрүн натыйжалуу пайдаланууга шарт түзүү. 

Белгилей кетсек, бул саамалык Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закировдун дин кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу; т.а. санариптик сабаттуулугун жогорулатуу жана санариптик көндүмдөргө окутуу тапшырмасынын алкагында өткөрүлдү.