“Кимде-ким илим алуу үчүн жолго чыкса, Аллах ага Бейишке алып баруучу жолду жеңилдетет.” (Муслим, Зикр, 2699)
Муфтият тарабынан жарыяланган “Үй-бүлө жана нарк” жылынын алкагында Ыйман мечитинде аялдар үчүн атайын агартуу иш-чарасы өткөрүлдү. Анын жүрүшүндө катышуучуларга шарият илимдери боюнча сабактар уюштурулуп, үй-бүлөлүк баалуулуктар, адеп-ахлак жана ыймандуулук тууралуу пайдалуу маалыматтар берилди.
Ошондой эле аялдар Куран окууну жана тажвид эрежелерин үйрөнүп, диний билимдерин тереңдетүүгө мүмкүнчүлүк алышты. Иш-чара катышуучулар тарабынан жылуу кабыл алынып, руханий тарбияны бекемдөөгө жана үй-бүлөлүк баалуулуктарды жайылтууга өз салымын кошту. Иш-чаранын соңунда катышуучуларга сертификаттар тапшырылды.