«Акыйкатта, кыйынчылыктын артынан жеңилдик келет. Аныгында, кыйынчылыкты улай жеңилдик келет» (Инширах, 5-6.)
Аалымдар Кеңешинин төрагасы Замир кары Ракиев болочок ажыларга сабак өтүп, ажылыктын маңызы, ага даярдык көрүү жана ажылыктан кийинки жашоо тууралуу баалуу маалыматтарды берди.
Ал өз сөзүндө ажылык — Ислам дининин негизги түркүктөрүнүн бири экенин айтып, кемчиликсиз аткарууга аракет кылууга чакырды.
"Ажылык – күнөөдөн арылуу, жүрөктү тазалоо жана Аллахка жакындап, жаңы жашоону баштоо мүмкүнчүлүгү",-деди Аалымдар Кеңешинин төрагасы.
Замир кары Ракиев ажылыкка чын ыклас менен даярданып, ар бир амал Пайгамбарыбыздын (с.а.в) сүннөтүнө ылайык аткарылышы керектигин баса белгиледи. Ошондой эле, ажылыктан кайткандан кийин адамдын жүрүм-туруму, сөзү жана жүрөгү өзгөрүүгө тийиш экенин айтты.
"Ажы болгон киши коомдо жакшы жүрүм-туруму менен үлгү болушу керек. Ажылык — жөн гана зыярат эмес, жүрөктүн өзгөрүүсү. Бул сапар адамды руханий жактан өстүрүп, жаңыланууга алып келиши шарт", — деди АК төрагасы.