«Силер кайда гана болбогула, Алла (ар дайым) силер менен бирге» (Хадид, 4)
Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закировдун демилгеси менен «Санариптик муфтият» долбоору ишке кирүү алдында турат. Ага ылайык төмөндөгү 5 багыт электрондоштурулат.
1) Даават иштери;
2) Кадрлар резерви;
3) Диний билим берүү системасы;
4) «Диний насаатчы» сынагына документ кабыл алуу;
5) Шарияттык никени каттоо.
«Муфтиятты электрондоштуруу биздин эң артыкчылыктуу багыттардан болуп эсептелет. Буга чейин бир катар багыттар санариптештирилген. Алсак, «Инфодокс» электрондук документ жүгүртүү системасы, ажылык-умра тиркемеси, мечиттер картасы, имамдар базасы ж.б. Эми кадрлар резервине кирүүгө сынак, дааватка уруксатнаама берүү, шарияттык никени каттоо, насаатчы боюнча арыздарды кабыл алуу, e-doc кат алмашуу системасы жана диний билим берүү тармагын санариптештирүү алдында турабыз. Албетте, буларды ишке ашыруу оңойго турбайт. Ошентсе да жалпы командабыз менен аракет кыла берели. Береке Алла Тааладан», – деп билдирди Азирети Муфтий.
КМДБ жетекчиси өз сөзүндө жарандарды убарагерчиликтен арылтуу, убакытты үнөмдөө, кагаз иштеринен кетүү, отчёттуулукту жеңилдетүү, диний кызмат көрсөтүүнү оптималдаштыруу жана санариптештирүү көздөлүп жатканын белгиледи.
«Мисалы, буга чейин дааватка чыгууну каалаган жарандар тастыктамаларын, паспорт көчүрмөлөрүн, кайрылуу каттарын топтоп, муфтиятка убара тартып алып келишчү. Адистерибиз ар бирин кол менен текшерип, кол менен уруксатнаама жазып берчү. Эми кудай жалгап, бул тутумду ишке ашырып алсак, дааватка чыгууну каалаган жарандар жогорудагы документтерин жамаат түзүлөрү менен мечиттен эле толтуруп жөнөтө алат. Дааватка чыккан бир туугандарыбызды жакындары издеп калса, адистерибиз аларды дароо таба албай, кагазга көмүлүп калчу. Эми издөө (поиск) графасына жарандын атын же фамилиясын жазса эле заматта чыгып калат. Же болбосо дааватка чыгууну каалаган жарандарыбыз дем алыш күндөрү дааватка чыгууну көздөсө, дүйшөмбү күнгө чейин муфтияттын уруксатнаамасын күтүп калчу. Бул система ишке кирсе, адистерибиз үйүндө дем алып олтурган жеринен деле ыкчам текшерип, андроидден эле уруксатнаама бере алат. Мына ушул сыяктуу көптөгөн жеңилдиктер болот», – деп кошумчалады кыргыз муфтийи.
Жогоруда көрсөтүлгөн кызматтар https://emuftiyat.kg/ электрондук дарегинде жеткиликтүү болмокчу.
Айта кетсек, Азирети Муфтийдин 2024-2029-жылдарга карата КМДБны өнүктүрүү жана коомдогу диний маданиятты жогорулатууга багытталган 40 камдамдан турган стратегиялык иш-мерчеминде муфтиятты электрондоштуруу артыкчылыктуу планы бекилген болчу.