«Силер кайда гана болбогула, Алла (ар дайым) силер менен бирге» (Хадид, 4)
Общество | 17.08.2026
  • |

Жайылган мечитинин 175 жылдык мааракеси белгиленди

Талас облусунун Манас районундагы Жайылган айылында тарыхы 175 жылды камтыган Жайылган мечитинин мааракеси салтанаттуу белгиленди. 

Иш-чарага  КМДБнын мечиттер, курулуш-чарба жана имамдар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Самидин кары Атабаев, Үгүт-насаат бөлүмүнүн башчысы Эрик ажы Молдокулов, Азирети Муфтийдин Талас облусундагы өкүлү Нийматилла ажы Топчиев, Манас районунун акими Бактыбек Сүйүнтбаев, дин кызматкерлери жана башка ардактуу коноктор катышып, өздөрүнүн куттуктоолорун билдиришти. 
Иш-чаранын жүрүшүндө Жайылган мечитинин 175 жылдык тарыхы, анын айыл элинин руханий жашоосундагы орду жана муундан-муунга өтүп келе жаткан диний баалуулуктар тууралуу сөз болду. 

Ошондой эле мечиттин өнүгүшүнө жана ишмердүүлүгүнө көп жылдар бою эмгек сиңирген имамдарга, дин кызматкерлерине жана мечитке ар тараптуу колдоо көрсөтүп, салым кошуп келе жаткан жергиликтүү тургундарга ыраазычылык билдирил ""Ардак грамоталар"" жана сыйлыктар тапшырылды. 
Мечиттин оңдолуп-түзөлүшүнө, көрктөндүрүлүшүнө жана диний агартуу иштеринин жүргүзүлүшүнө көмөк көрсөткөн жарандардын эмгеги өзгөчө белгиленип, аларга ыраазычылык айтылды. 
Жыйындын соңунда дин кызматкерлери элди ынтымакка, биримдикке, адеп-ахлакка жана жаш муундарды ыймандуулукка тарбиялоого чакырышты. 
175 жылдык тарыхы бар Жайылган мечитинин мааракеси элдин биримдигин, ынтымагын жана руханий баалуулуктарын даңазалаган маанилүү иш-чара катары белгиленди.