"Жамаат менен окулган намаз жеке окулган намаздан 27 даража артык". (Бухари, №645; Муслим, №650)
Кечээ, 14-апрель күнү Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын даават, үгүт-насаат, жаштар жана аялдар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Эрик ажы Молдокулов жана Азирети Муфтийдин Бишкек шаарындагы өкүлү Бакыт ажы Кайкиев мурда «Йакын-Инкар» көз карашын карманып, кийин андан баш тарткан жамаатка сабак өттү.
Сабактын негизги темасы акыйда маселелери жана “якын” түшүнүгүн туура аңдоо болду. Лекторлор бул багытта кеңири түшүндүрмө берип, Ыйык Куран аяттарынан, пайгамбарыбыздын (с.а.в.) хадистеринен жана белгилүү аалым Молдо Сабырдын «Таухид» китебинен далилдерди келтирип, жамаатка таасирдүү баян жасады.
Ошондой эле жамаатка ханафи мазхабы жана матуридия акыйдасы канчалык туура жана зарыл экендигин баса белгилеп өттү.
Мындан тышкары, «Йакын-Инкар» маселеси боюнча Индиядан чыккан белгилүү аалымдардын пикирлери да мисал катары келтирилип, темага кошумча түшүндүрмөлөр берилди.
Сабак учурунда мурдагы көз карашынан баш тарткан жарандар активдүү катышып, кызыктырган суроолорун берип, тиешелүү жана канааттандырарлык жоопторду алышты.
Эрик ажы Молдокулов сабак соңунда алдыда дагы ушундай пайдалуу сабактар улантыларын белгилеп, жамаат менен жылуу коштошту.