"Жамаат менен окулган намаз жеке окулган намаздан 27 даража артык". (Бухари, №645; Муслим, №650)
Кечээ, 15-апрелде Бишкек шаарынын Ленин районунун баш имам-хатиби Сүйүнали ажы Кулуев жана хатибияттын кызматкерлери район аймагындагы мечиттерди кыдырып, имамдар жана менчик жер ээлери менен жолугушууларды өткөрүштү.
Иш-чаранын алкагында менчик жерлерге салынган «Жал», «Сыддык», «Аксана», «Ихлас», «Саид Афанди», «Абдулкарим», «Ыйман», «Нуурул Харамайн», «Саад бен Муаз», «Хамза бин Абдулмутталип», «Жума Карып», «Хидаят Нур», «Хулафаи Роошидин», «Фатих», «Жума Васипов», «Низамудин», «Алтын-Ордо», «Ишен Ата», «Хайл Хижра» мечиттеринин ээлери менен жолугушуулар өтүп, аларды дин башкармалыгынын балансына өткөрүү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө мечиттердин тиешелүү документтерин толук бүткөрүү, аларды дин башкармалыгынын балансына өткөрүп берүү процедуралары жана улуттук агенттиктен күбөлүк алуу маселелери кеңири түшүндүрүлдү.
Ошондой эле мечиттердин имамдарына муфтияттан жана өкүлчүлүктөн берилген тапшырмаларды өз убагында жана так аткаруу зарылдыгы белгиленди.
Мындан тышкары, мечиттердин тазалыгына жана ички тартибине өзгөчө көңүл буруу, жума хутбаларын мазмундуу даярдоо жана жума намазын өз убагында өткөрүү боюнча имамдарга тиешелүү эскертүүлөр айтылды.