"Жамаат менен окулган намаз жеке окулган намаздан 27 даража артык".
 (Бухари, №645; Муслим, №650)
Регионы | 06.05.2026
  • |

Ноокатта өспүрүмдөр арасында Куран жарышы өткөрүлдү

Ош облусуна караштуу Ноокат районунун Т. Зулпуев айыл өкмөтүндөгү Калдай айылында жайгашкан "Калдай" мечитинде хатибият тарабынан айыл жаштары үчүн Куран жарышы өткөрүлүп, жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Аталган мелдешке жергиликтүү жаш өспүрүмдөр катышып, төмөнкү катышуучулар алдыңкы орундарды ээлешти:

1-орун – Кутманбек уулу Умар;

2-орун – Акматов Мухамед;

3-орун – Тургунбаев Аллаберди.

"Жаштардын жүрүм-турум, адеп-ахлагын жакшыртууда дин кызматкерлери өз салымдарын кошуп келе жатат. Мечитке келген жаш өспүрүмдөр үчүн күнүнө 1-2 саат Куран окуганды үйрөтүп, натыйжасында катышуучуларга чакан Куран жарыштарын өткөрүп келүүдөбүз. Бул иштер район боюнча көптөгөн мечиттерде жүргүзүлүп жатат", – деди Бекназар ажы Жапаров.