“Кимде-ким илим алуу үчүн жолго чыкса, Аллах ага Бейишке алып баруучу жолду жеңилдетет.” (Муслим, Зикр, 2699)
Обращение | 16.07.2026
  • |

Азирети Муфтий Катар Эмирине көңүл айтты

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров Катар Мамлекетинин мурдагы Эмири шейх Хамад бин Халифа Аль Танинин дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу көңүл айтты.

Улуу Даражалуу шейх Тамим бин Хамад Аль Тани!

Улуу Даражалуу атаңыз, Катар Мамлекетинин мурдагы Эмири шейх Хамад бин Халифа Аль Танинин дүйнөдөн кайткандыгы тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Маркум шейх Хамад бин Халифа Аль Тани Катар мамлекетинин өнүгүп-өсүшүнө, ислам дүйнөсүндөгү ынтымактын бекемделишине жана эл аралык деңгээлдеги аброюнун жогорулашына зор салым кошкон көрүнүктүү мамлекеттик ишмер катары эсте калат. Анын даанышман жетекчилиги, элине болгон камкордугу жана кайрымдуулук иштери көпчүлүк үчүн үлгү болуп кала берет.

Кыргызстан мусулмандарынын атынан жана жеке өзүмдүн атымдан Сизге, Аль Тани үй-бүлөсүнө жана жалпы боордош Катар элине терең көңүл айтып, аза кайгыңызды тең бөлүшөм.

Жараткан Алла Таала маркумдун күнөөлөрүн кечирип, ага Өзүнүн чексиз ырайымын жаадырып, Фирдавс бейишинен орун насип кылсын. Артында калган үй-бүлөсүнө, жакындарына сабыр жана кайрат берсин.
 

Иннаа лиллаахи ва иннаа илайхи раажиъуун.