«Силер кайда гана болбогула, Алла (ар дайым) силер менен бирге» (Хадид, 4)
Ишембиликке Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын (КМДБ) борбордук аппаратынын эмгек жамааты, аймактык өкүлчүлүктөрү, хатибияттары, мечиттер жана диний окуу жайлардын кызматкерлери активдүү катышты.
Ишембиликтин жүрүшүндө айлана-чөйрөнү тазалоо, санитардык абалды жакшыртуу, мекеме жана мечиттердин айланасын иретке келтирүү жана таштандыларды тазалоо иштери жүргүзүлдү.
Тазалык — ыймандын белгиси. Ислам дини айлана-чөйрөнү таза кармоого, коомдук жайларды иреттүү сактоого жана жаратылышка аяр мамиле кылууга үндөйт.