«Силер кайда гана болбогула, Алла (ар дайым) силер менен бирге» (Хадид, 4)
Бүгүн, 19-сентябрда Алматы шаарында Казакстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын (КМДБ) демилгеси жана уюштуруусу менен «QMDB EXPO-2026» эл аралык көргөзмөсү өз ишин баштады.
Эл аралык деңгээлдеги иш-чаранын расмий ачылышына Казакстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын төрагасы, Башкы муфтий Наурызбай ажы Таганулы катышып, көргөзмөнүн максат-милдеттери тууралуу сөз сүйлөдү.
Быйыл жаңы форматта уюштурулган ири иш-чарада КМДБнын негизги иш багыттары, мекемелери жана долбоорлору, ошондой эле ата мекендик жана чет өлкөлүк адал индустриясынын өкүлдөрү бир аянтка топтолду.
Көргөзмөнүн негизги максаты – Дин башкармалыгынын диний-агартуу, кайрымдуулук, маалымат, басма, ажылык, адал индустриясы, вакф, санариптештирүү жана социалдык багыттардагы ишмердүүлүгүн кеңири таанытуу менен бирге, ата мекендик жана чет өлкөлүк ишкерлердин тажрыйба алмашуусуна, жаңы ишкердик байланыштарды түзүүсүнө жана эл аралык кызматташтыкты бекемдөөгө шарт түзүү.
Иш-чарага онго жакын мамлекеттин дипломатиялык өкүлдөрү, элчилер жана консулдар, ошондой эле жүзгө жакын компаниянын өкүлдөрү катышууда. Көргөзмөдө Казакстан менен катар Кыргызстан, Өзбекстан, Түркия, Кытай жана Тажикстандан келген компаниялар өздөрүнүн продукцияларын жана кызматтарын тартуулашууда.
Мындан тышкары, адал индустриясы багытында Кыргызстан, Өзбекстан жана Россиядан келген тармактык өкүлдөр катышып, адал индустриясын өнүктүрүү, тажрыйба алмашуу жана эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү боюнча пикир алышууда.
«QMDB EXPO-2026» эл аралык көргөзмөсүнө Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын Адал бөлүмүнүн башчысы Максат Атабаев жана бөлүмдүн адиси Дастан ажы Нукунов атайын катышууда.
Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын Адал бөлүмүнүн кызматкерлери иш-чаранын алкагында Казакстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын жетекчилигине жана көргөзмөнүн катышуучуларына кыргыз элинин жана Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закировдун саламын жолдоп, эл аралык көргөзмөнүн ийгиликтүү өтүшүн каалашты.
Ошондой эле тараптар адал индустриясын өнүктүрүү, адал продукцияны сертификациялоо, тажрыйба алмашуу жана эки өлкөнүн адал тармагындагы кызматташтыгын мындан ары да кеңейтүү маселелери боюнча пикир алышууда.
«QMDB EXPO-2026» көргөзмөсү 19–20-сентябрь күндөрү Алматы шаарындагы «Бакчасарай» салтанат сарайында өтүүдө.
Иш-чара адал индустриясынын өкүлдөрүн, ишкерлерди, эксперттерди жана тиешелүү тармактагы адистерди бир аянтка чогултуп, тажрыйба алмашууга жана өз ара кызматташтыкты чыңдоого маанилүү мүмкүнчүлүк түзүүдө.