"Жамаат менен окулган намаз жеке окулган намаздан 27 даража артык".
 (Бухари, №645; Муслим, №650)
Общество | 17.04.2026
  • |

Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закиров Кара-Суудагы "Шейх Алауддин Мансур" мечитинде жергиликтүү тургундар менен жолугушту

Бүгүн, 17-апрель күнү Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров Ош облусуна караштуу Кара-Суу районундагы "Шейх Алауддин Мансур" мечитине барып, жергиликтүү тургундар жана маркум Шейх Алауддин Мансур Рустамовдун уулдары менен жолугушту. 

Азирети Муфтий жолугушууда маркум шейх Алауддин Мансур Рустамовдун уулу Зияуддин жана Захириддин карылар менен маектешип, атасынын жолун жолдоп келе жаткандыктарына ыраазычылык билдирип, "Шейх Алауддин Мансур" мечитинин имамы болуп эмгектенип жаткан Зияуддин карыга чепкен жаап, ак батасын берди. 

Маркум Шейх Алауддин Мансур Рустамов алгачкы жолу Куран Каримди кыргыз жана өзбек тилдерине которгон. Ошондой эле, Куранды толук тафсир кылуу ишин баштап, 19 томго жеткенде кайтыш болгон. Анын ишин уулу Зияуддин кары улантып, 23 томдук толук тафсир китебин чыгарган.

Айта кетсек, Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закиров Өзбекстанга жасаган иш сапарынын алкагында белгилүү кыргызстандык аалым Алауддин Мансурдун күмбөзүн зыярат кылып, рухуна багыштап Куран окуган.