«Силер кайда гана болбогула, Алла (ар дайым) силер менен бирге» (Хадид, 4)
Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров АКШнын Чикаго шаарындагы «Үммөт» мечитин зыярат кылды. Зыяратка Кыргызстандан барган делегация да катышты.
Делегациянын катарында:
- Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин төрагасы Талантбек Ташибеков;
- Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров;
- Аалымдар Кеңешинин төрагасы Замир кары Ракиев;
- Кыргызстан Ислам университетинин ректору, Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Абдишүкүр ажы Нарматов болду.
«Үммөт» мечити – АКШнын Иллинойс штатындагы Чикаго шаарында жайгашкан, жергиликтүү мусулман коомчулугуна кызмат кылган жайлардын бири. Жергиликтүү мусулмандардын ибадат кылуусунда, жамааттык намаздарга катышуусунда жана диний-билим берүү иш-чараларын өткөрүүсүндө мечиттин ролу зор.
Маалымат иретинде айта кетсек, жалпы аянты 2500 м2 болгон бул мечит 2024-жылдын октябрь айында диний аалым Абдишүкүр ажы Нарматовдун демилгеси, мекендештердин аракети менен ачылган.