«Силердин жакшыраагыңар Куранды өзү үйрөнүп, аны башкаларга үйрөткөндөр» (хадис)
Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров баштаган КМДБнын эмгек жамааты Саранов Жунус ажынын дүйнөдөн өткөндүгүнө байланыштуу маркумдун үй-бүлөсүнө, жакындарына жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.
КМДБнын эмгек жамааты орду толгус оор кайгыңыздарга ортоктошуп, терең көңүл айтабыз. Бул оор учурда Алла Таала сиздерге сабырдуулук, кайрат жана күч-кубат берсин.
Жараткан Алла Таала маркум кесиптешибизди Өзүнүн чексиз ырайымына бөлөп, күнөөлөрүн кечирип, кабырын нурлуу кылып, бейиш бакчаларынан орун насип кылсын.
«Ар бир жан өлүм даамын татат» (Аль-Анбийа сүрөсү, 35-аят).
«Чындыгында, биз Аллахка таандыкпыз жана Ага кайтуучубуз» (Аль-Бакара сүрөсү, 156-аят).
Алла Таала Жунус ажыбыздын акыретин абат кылып, артында калган үй-бүлөсүнө жана жакындарына сабыр берсин. Жаткан жери жайлуу, топурагы торко, акырети абад болсун.
Жараткан Алла Таала баарыңыздарга сабыр жана кайрат берсин.