"Жамаат менен окулган намаз жеке окулган намаздан 27 даража артык".
 (Бухари, №645; Муслим, №650)
Общество | 21.05.2026
  • |

Азирети Муфтийге "Данк" ордени тапшырылды

Урматтуу Азирети Муфтий
Абдулазиз Назирбекович Закиров!

Сизди Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жогорку сыйлыктарынын бири болгон «Даңк» ордени менен сыйланышыңыз менен Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын эмгек жамаатынын атынан чын жүрөктөн куттуктайбыз!

Бул жогорку мамлекеттик сыйлык — Сиздин көп жылдык ак ниет эмгегиңизге, элибиздин руханий-адеп-ахлактык баалуулуктарын бекемдөөгө, коомдо ынтымакты, биримдикти, сабырдуулукту жана ыймандык тарбияны жайылтууга кошкон зор салымыңызга берилген татыктуу баа деп билебиз.

Сиздин жетекчилигиңиз алдында Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы диний агартуу, мечиттердин ишмердүүлүгүн тартипке салуу, имамдардын билим деңгээлин жогорулатуу, кайрымдуулук иштери, коомдогу руханий туруктуулукту камсыздоо жана исламдын асыл баалуулуктарын туура түшүндүрүү багытында маанилүү иштерди аткарып келүүдө.

«Даңк» ордени менен сыйланышыңыз жалпы КМДБнын жамааты үчүн да чоң сыймык жана кубанычтуу окуя болуп саналат. Бул сыйлык Сиздин гана эмес, жалпы диний кызматкерлердин эмгегине, коомго кылган ак кызматына көрсөтүлгөн урматтын белгиси деп кабыл алабыз.

Урматтуу Азирети Муфтий!

Алла Таала Сизге бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт, эл-журтка кызмат кылууда күч-кубат жана мындан аркы жооптуу ишиңизге ийгилик берсин. Ар дайым элибиздин ынтымагын бекемдөөгө, дин менен коомдун ортосундагы туура түшүнүктү чыңдоого багытталган ак жолуңузда ийгиликтер коштосун.

Сыйлыгыңыз кут болсун!
Эл үчүн, дин үчүн кылган кызматыңыз берекелүү болсун!

Урматтоо менен,
Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын эмгек жамааты