Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.

“Сен жетимге каарданба! 
Ал эми тилемчиге орой мамиле кылба!”
                                    (Духа сүрөсү, 9-10)
Общество | 30.04.2025
  • |

Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закиров Самарканд шаарына илимий иш сапар менен барды

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров боордош Өзбекстандын Самарканд шаарына илимий иш сапар менен барды. Иш сапар менен барган КМДБ жетекчисин Өзбекстан мусулмандарынын Муфтийи Нуриддин ажы Халыкназаров жогорку деңгээлде тосуп алды. Муфтийлердин жолугушуусу жылуу маанайда өтүп, боордош эки өлкөнүн дин башкармалыктарынын байланышын, кызматташтыгын жаңы баскычка көтөрүү, тажрыйба алмашуу, чөлкөмдүн орток баалуулуктарын сактоо, коңшулаш өлкөлөрдүн ынтымагын, достугун, бир туугандыгын чыңдоо багытында биргеликте иш алып баруу, ТМУнун алдындагы фатва комитетинин бирдиктүү фатваларынын аткарылышын камсыздоо сыяктуу маселелер талкууланды.

Өзбекстан мусулмандарынын муфтийи илимий иш сапар менен барган Азирети Муфтийге ийгилик кааласа, Абдулазиз кары Закиров коллегасына ыраазычылык билдирип, быйылкы жылы Кыргызстанда өтө турган ТМУга мүчө өлкөлөрдүн муфтияттарынын саммитине чакырды. 

Маалымат иретинде айта турган болсок, үстүбүздөгү жылдын 29-30-апрелинде Самарканд шаарында “Матуридилик – сабырдуулуктун, толеранттуулуктун жана агартуучулуктун таалими” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция өтүүдө. Аталган конференцияга Кыргызстан мусулмандарынын атынан Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закиров чакырылган. Илимий иш-чара Өзбекстан Республикасынын Президентинин Имам Матуридинин 1155 жылдыгын салтанаттуу белгилөө жөнүндөгү буйругуна ылайык уюштурулууда. Конференцияга дүйнөнүн төрт бурчунан 100дөн ашуун белгилүү аалымдар, муфтийлер, илимпоздор жана изилдөөчүлөр өз баяндамалары менен катышууда.