“Кимде-ким илим алуу үчүн жолго чыкса, Аллах ага Бейишке алып баруучу жолду жеңилдетет.” (Муслим, Зикр, 2699)
2026-жылдын 15-июлунда Кыргызстандын Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын (КМДБ) Диний билим берүү бөлүмү тарабынан Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун КМДБга караштуу диний окуу жайларынын жетекчилери үчүн 2026–2027-окуу жылына карата жаңы окуу планынын жана билим берүү багытындагы жаңылануулардын презентациясы өткөрүлдү.
Иш-чарага медреселердин мүдүрлөрү, окуу бөлүмдөрүнүн башчылары жана Диний билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери катышты.
Жыйындын жүрүшүндө жаңы окуу жылында ишке киргизиле турган окуу программалары жана билим берүү тармагындагы негизги өзгөрүүлөр кеңири тааныштырылды. Анын алкагында Куран жаттатуу багытындагы медреселер үчүн окуу программасы, ошондой эле Шарият багытындагы окуу программасы, алардын түзүмү, окуу планы жана ишке ашыруу тартиби боюнча кеңири маалымат берилди.
Ошондой эле билим берүү процессин заман талабына ылайык өркүндөтүү максатында медреселерде санариптик көндүмдөрдү өнүктүрүүгө багытталган демилгелер жана диний сабаттуулукту жогорулатууга арналган атайын окуу долбоору тааныштырылды. Бул долбоор диний окуу жайларда заманбап билим берүү усулдарын жайылтууга, окутуучулардын жана билим алуучулардын санариптик компетенцияларын жогорулатууга багытталган.
Жыйындын жүрүшүндө диний билим алуучуларды диний окуу жайларга кабыл алуу, аларды курстан курска көчүрүү, окуудан чыгаруу жана окууну аяктоо боюнча чечимдерди бирдиктүү тартипке келтирүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Ошондой эле диний окуу жайларды аяктагандыгын тастыктоочу дипломдорго жана күбөлүктөргө карата бирдиктүү талаптар белгиленип, аларды даярдоо, эсепке алуу жана берүү тартиби боюнча тиешелүү түшүндүрмөлөр берилди. Бул талаптар диний билим берүү системасында бирдиктүү стандарттарды камсыз кылууга, документ жүгүртүүнү тартипке келтирүүгө жана билим берүү процессинин сапатын жогорулатууга багытталган.
Жыйындын соңунда катышуучулар жаңы окуу планы боюнча өз сунуш-пикирлерин билдирип, окуу процессин сапаттуу уюштуруу, билим берүүнүн мазмунун өркүндөтүү жана бирдиктүү окуу стандарттарын ишке ашыруу боюнча пикир алышышты.
КМДБнын Диний билим берүү бөлүмү жаңы окуу жылына карата жүргүзүлүп жаткан реформалар диний окуу жайларындагы билим берүүнүн сапатын жогорулатууга, окуу процессин бирдиктүү системага келтирүүгө жана заманбап талаптарга жооп берген адистерди даярдоого өбөлгө түзөрүн белгиледи. Жыйындын аягында ДОЖ жетекчилерине быйылкы окуу жылына карата тапшырмалар берилди.