“Кимде-ким илим алуу үчүн жолго чыкса, Аллах ага Бейишке алып баруучу жолду жеңилдетет.” (Муслим, Зикр, 2699)
Общество | 28.07.2026
  • |

Чүй облусунда дин кызматкерлерине берилген кызматтык унаалардын абалы текшерилди

Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын алдындагы Борбордук текшерүү комиссиясы Чүй облусундагы дин кызматкерлерине кызматтык пайдаланууга берилген автоунааларга пландуу техникалык текшерүү жүргүздү.

Текшерүү иштерине Борбордук текшерүү комиссиясынын төрагасы Бакыт ажы Нурдинов баштаган комиссиянын мүчөлөрү жана КМДБнын Финансы-чарбалык бөлүмүнүн адистери катышты.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Чүй облусуна берилген ар бир кызматтык автоунаанын техникалык абалы, пайдалануу тартиби жана жүрүлгөн чакырымы көзөмөлдөндү.

Комиссиянын төрагасы Бакыт ажы Нурдинов кызматтык автоунаалар аманат экенин белгилеп, аларды жоопкерчилик менен пайдалануу зарылдыгын эскертти. Ошондой эле автоунааларды үчүнчү жактарга башкарууга бербөө жана кызматтык сапарларга чыккан учурда тиешелүү казыга алдын ала маалымдоо керектигин айтты.

Техникалык кароонун жыйынтыгында кызматтык автоунааларга 2026-жылга карата жол баракчалары (путевой листтер) тапшырылды.

Белгилей кетсек, учурда Чүй облусундагы дин кызматкерлеринин кызматтык пайдалануусуна жалпысынан 8 автоунаа берилген.