«Силер кайда гана болбогула, Алла (ар дайым) силер менен бирге» (Хадид, 4)
Общество | 31.08.2026
  • |

ЭГЕМЕНДҮҮЛҮК — ЭЛИБИЗГЕ БЕРИЛГЕН ЫЙЫК АМАНАТ

Бисмиллахир-Рахманир-Рахим.

 

Урматтуу менин мусулман бир туугандарым жана ардактуу мекендештерим!

 

Баарыңыздарды Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Эгемендүүлүк — бул жөн гана тарыхый дата эмес. Бул — ата-бабаларыбыздын тилеги, элибиздин эркиндиги, мамлекетибиздин бүтүндүгү жана келечек муундарга өткөрүп бере турган ыйык аманатыбыз.

Мекендин тынчтыгы, элдин ынтымагы жана мамлекеттин бекемдиги — баа жеткис немат. Ошондуктан ар бирибиз өлкөбүздүн биримдигин сактоого, коомубузга жакшылык алып келүүгө жана Кыргызстандын өнүгүүсүнө өз салымыбызды кошууга аракет кылалы.

Улуу Жараткан Алла Таала сүйүктүү Кыргызстаныбызды ар кандай кырсык-кесепеттен, жаңжалдан жана бөлүнүп-жарылуудан Өзү сактасын. Элибизге бекем ыйман, ынтымак жана береке, жергебизге тынчтык, мамлекетибизге туруктуулук жана өнүгүү насип кылсын.

Ар бир үй-бүлөдө бакыт, ар бир жүрөктө мекенге болгон сүйүү, ал эми өлкөбүздө адилеттик менен бейпилдик өкүм сүрсүн.

Алла Таала эгемендүүлүгүбүздү түбөлүктүү, мамлекетибизди бекем, элибизди ынтымактуу кылып, Кыргызстаныбызды гүлдөгөн жана абройлуу мамлекеттердин катарына кошсун!

Эгемендүүлүк күнүбүз кут болсун!

Эгемен Кыргызстаныбыз түбөлүк жашасын!

 

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи

Абдулазиз кары Закиров