"Жамаат менен окулган намаз жеке окулган намаздан 27 даража артык". (Бухари, №645; Муслим, №650)
Бүгүн, 18-апрель күнү Токмок шаарында Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын демилгеси, Ислам Академиясынын уюштуруусу менен экс-муфтий, маркум Мураталы ажы Жумановдун жаркын элесине арналган диний окуу жайлар арасындагы салттуу турнир өткөрүлүп жатат.
Аталган турнир бир нече жылдан бери үзгүлтүксүз уюштурулуп, бүгүнкү күндө 35 диний окуу жайлар менен мекемелерди бириктирген ири иш-чарага айланды. Быйылкы мелдешке 86 команда катышып, жалпы 700дөн ашуун оюнчунун башын бириктирди.
Иш-чаранын негизги максаты — жаштар арасында сергек жашоо образын жайылтуу, ынтымакты бекемдөө жана тарбиялык баалуулуктарды өнүктүрүү. Турнир спорттук мелдеш менен катар, диний окуу жайлар ортосундагы кызматташтыкты чыңдоого, устаз менен шакирттин байланышын бекемдөөгө жана жаштардын коомдук активдүүлүгүн жогорулатууга багытталган.
Акыркы жылдары турнирдин географиясы кеңейип, өлкөнүн бардык аймактарынан, анын ичинде түштүк региондордон да катышуучулар келип, иш-чара республикалык деңгээлге көтөрүлдү.
Быйылкы турнир Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 28-декабрындагы №363 Жарлыгы менен түзүлгөн Ислам Академиясы тарабынан уюштурулууда. Мамлекет тарабынан спортту, айрыкча футболду өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулуп жаткан шартта, аталган турнир жаштарды сергек жашоого үндөө, тартипке, жоопкерчиликке жана биримдикке тарбиялоо жагынан маанилүү коомдук иш-чара болуп саналат.