«Өзүңөрдү жана үй-бүлөңөрдү тозок отунан сактагыла» 
(Тахрим сүрөсү, 6-аят)
Общество | 04.08.2026
  • |

Кара-Кулжада "Адам жаны аманат" аттуу түшүндүрүү иш-чарасы өткөрүлдү

3-август күнү Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районунун баш имам-хатибинин милдетин аткаруучу Дастан ажы Мамаев КМДБнын тапшырмасына ылайык, "Адам жаны аманат" аттуу түшүндүрүү иш-чарасын өткөрдү.

Иш-чаранын алкагында унаа жайдоочуларына, жолоочуларга, райондор аралык таксилерге, Ош-Бишкекке каттоочу таксилерге жана авто бекет кызматкерлерине КМДБ тарабынан даярдалган брошюралар таратылды.

Ошону менен бирге жолдо жүрүү эрежелерин сактоо, бири-бирине болгон мамилени жакшыртуу, адеп-ахлак нормаларына ылайык иш алып баруу жөнүндө түшүндүрүлдү.

"Адам жаны аманат болуп саналат. Бейбаштык жол эрежесин бузуу аркылуу өзү эле эмес, башкаларга да зыянын тийгизип жаткандар жок эмес. Ошол себептен, өзүбүз жана башкалардын өмүрүн тобокелге салбай, акырын айдап, жол эрежесин сактоого чакырам"- деди Дастан ажы Мамаев.