«Акылдуу адам — өз напсисин көзөмөлдөп, өлүмдөн кийинки жашоо үчүн амал кылган адам. Алсыз адам болсо — напсисинин каалоолорун ээрчип алып, анан Аллахтан куру кыялдарды гана күткөн адам.» Термизий, 2459, Ахмад, 17164, ибн Маажа, 4260
Казакстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын төрагасынын орун басары, наиб муфтийи Ермек Касболат уулунун төрагалыгы алдында Казакстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын Халал өнүктүрүү институтунун адистери менен Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын адал бөлүмүн башчысы Максат ажы Атабаев, Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Марс ажы Ибраев жана КМДБнын адал бөлүмүн адистери менен жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушууда эки өлкөдө адал стандарттарын өркүндөтүү, сертификациялоо системасын өнүктүрүү, өндүрүш ишканаларында көзөмөл жана текшерүү иштерин күчөтүү, ошондой эле халал продукциясынын сапатын жана ишенимдүүлүгүн жогорулатуу маселелери талкууланды.
Тараптар халал индустриясынын заманбап тенденциялары жана эл аралык тажрыйбалар боюнча пикир алмашып, келечекте биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, маалымат алмашуу жана өнөктөштүктү бекемдөөнү макулдашышты.
Жыйындын соңунда катышуучулар адал тармагындагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө жана биргелешкен иштерди жаңы деңгээлге көтөрүүгө даяр экендиктерин билдиришти