«Силер кайда гана болбогула, Алла (ар дайым) силер менен бирге» (Хадид, 4)
Общество | 11.09.2026
  • |

КМДБ кызматкерлери үй-бүлө институтун бекемдөө боюнча Ысык-Көл жана Нарында түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөт

Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын Калкты диний маалымат менен камсыздоо (Фатва) бөлүмүнүн адистери 14–17-сентябрь күндөрү Ысык-Көл жана Нарын облустарына кызматтык иш сапар менен барышат.

Иш сапардын алкагында бөлүмдүн адиси Акылбек ажы Тагаев Ысык-Көл облусунун Ак-Суу, Жети-Өгүз, Тоң, Түп жана Ысык-Көл райондорунда, ал эми Каныбек ажы Баргиев Нарын облусунун Ат-Башы, Ак-Талаа, Жумгал, Кочкор жана Нарын райондорунда жергиликтүү тургундар менен жолугушууларды өткөрөт.

Жолугушуулардын негизги максаты — калк арасында үй-бүлө институтун бекемдөө, нике жана талак маселелери, үй-бүлөлүк жоопкерчилик, улуттук нарк-насил, үй-бүлөлүк жана коомдук баалуулуктар боюнча диний түшүндүрүү иштерин жүргүзүү.

Мындан тышкары, жолугушуулардын жүрүшүндө КМДБ тарабынан кабыл алынган бирдиктүү фатвалардын мазмуну, мааниси жана аларды күнүмдүк турмушта туура колдонуу боюнча маалыматтар берилет.

Адистер жергиликтүү тургундардын диний жана үй-бүлөлүк маселелер боюнча актуалдуу суроолоруна шарияттын негизинде жооп берип, нике, талак, үй-бүлө мүчөлөрүнүн укук-милдеттери жана коом алдындагы жоопкерчилик боюнча баяндамаларды жасашат.

Бул иш-чаралар үй-бүлөлүк баалуулуктарды сактоо, ажырашуулардын алдын алуу, жарандардын диний сабаттуулугун жогорулатуу жана коомдо ынтымак менен жоопкерчилик түшүнүгүн бекемдөөгө багытталат.