«Өзүңөрдү жана үй-бүлөңөрдү тозок отунан сактагыла» 
(Тахрим сүрөсү, 6-аят)
Общество | 04.08.2026
  • |

Кыргызстан конфессиялар аралык кеӊешинин мүчөлөрү муфтиятта болушту

Кечээ, 3-август күнү Кыргызстан конфессиялар аралык кеӊешинин иш-аракеттер планын ишке ашыруу алкагында КР ДИЭМУА демилгеси, КМДБ уюштуруусу менен атайын иш-чара өткөрүлдү. Иш-чаранын жүрүшүндө алгач кеңеш мүчөлөрү Башкы «Имам Сарахсий» мечитин зыярат кылып, мечиттин архитектуралык кооздугуна, ички ажайып жасалгасына күбө болушту. 

Зыярат учурунда белгилүү кыргыз каллиграфы Саифуддин Кожомуратовдун көз жоосун алган аят-хадис кол жазмалары жана экспонаттары көрүүчүлөрдүн көңүлүн бурду.

Иш-чаранын экинчи бөлүгүндө кеңеш мүчөлөрү КМДБга экскурсия жасап, диний башкармалыктын ишмердүүлүгү менен таанышты. Аларды Азирети Муфтийдин орун басары Рафаиль ажы Татиков жылуу маанайда тосуп алып, ислам дининин асыл баалуулуктары, түпкү мүдөөлөрү, башка конфессияларга көз карашы тууралуу токтолуп өттү.