«Силер кайда гана болбогула, Алла (ар дайым) силер менен бирге» (Хадид, 4)
Общество | 16.07.2026
  • |

Кыргызстанда быйылкы ажылыкты жаңы тартип менен уюштуруу пландалууда

Жаңы тартипке ылайык, ажылыкты уюштуруу үчүн Бирдиктүү санарип система (БСС) түзүлөт. Каттоо, ажылыкка электрондук кезек, төлөм жана арыздарды кароо толугу менен автоматташтырылат.

Ажылыкты уюштуруу иштери жылдагыдай эле Кыргызстан Мусулмандар дин башкармалыгы менен биргеликте,  ведомстволор аралык комиссия тарабынан жүргүзүлөт. 

Ажылыкка каттоо Бирдиктүү санариптик система (БСС) аркылуу смартфондогу iOS жана Android тиркемеси менен жүргүзүлүп, ар бир жаран өз алдынча каттала алат.