«Силер кайда гана болбогула, Алла (ар дайым) силер менен бирге» (Хадид, 4)
Общество | 14.09.2026
  • |

Маркум Чубак ажы Жалиловго «Кыргыз Республикасынын Эл Баатыры» жогорку наамы тапшырылды

Бүгүн, 14-сентябрь күнү “Ынтымак Ордодо” президент Садыр Жапаровдун катышуусунда мамлекеттик сыйлыктарды жана ардак наамдарды тапшыруу аземи өттү. Салтанаттуу иш-чарада өлкөнүн социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы, кесиптик ишиндеги жетишкендиктери үчүн бир катар инсандарга мамлекеттик сыйлыктар жана ардак наамдар тапшырылды. Сыйлык тапшыруу аземинде Президент Садыр Жапаров маркум аалым, экс-муфтий Чубак ажы Жалиловго «Кыргыз Республикасынын Эл Баатыры» жогорку наамы ыйгарылгандыгына байланыштуу сыйлыкты анын уулу Абдулла Жалиловго тапшырды. Буга байланыштуу Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров баштаган диний аалымдар чыгаан муфтий Чубак ажы Жалиловду эскеришип, КР Президентине ыраазычылык билдиришти. 

Текст толугу менен берилет:

«Маркум Чубак ажы Жалилов бир гана Кыргызстанга эмес, Орто Азияга таанылган беделдүү аалым болгон. Анын терең илим-билими нечендеген инсандардын жан дүйнөсүнө жарык чачып, исламдын чыныгы маанисин түшүнүүгө жана динди жашоого жетеледи. Анын акылмандыгы менен нечен үй-бүлөлөр жарашып, уялардын кыйроосунун алдын алды. Эчендеген жаштар анын акыл-насаатын угуп, жашоосунда туура багыт алды. 

Чубак ажы Жалилов фатва берүү маселесинде профессионалдашып, өтө оор жана татаал маселелерди карапайым элдин деңгээлине ылайыктап түшүндүрүп берүү чеберчилиги менен диний кызматтын жаңы этабын баштап берди. Ал кээде күлдүрүп, кээде ыйлатып, айтор исламияттын асыл баалуулуктарын жана түпкү дөөлөттөрүн коомго жеткирүүгө тынымсыз аракет жасады. 

Чубак ажы Жалилов этностор аралык мамилелерди жакшыртуу жана коомдун биримдигин камсыздоо жаатында да жан үрөп кызмат кылды. Ал Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи болуп турган учурунда да бир катар реформаларды ишке ашырып, муфтиятты өнүктүрүүгө үлкөн салымын кошту. Ал өлкөнү түрө кыдырып, эл менен жеринде жолугушуп, телерадио жана социалдык тармактар аркылуу диний сабактарды өтүп, айтор руханий агартуу ишинде жигердүүлүк менен кызмат кылды. Айтор Чубак ажы Жалилов Алланын ыраазычылыгы үчүн, элдин диний сабаттуулугун жогорулатуу багытында күжүрмөндүк менен иштеди. Ушул сыяктуу эмгектери үчүн эл жүрөгүнөн орун алды. Анын даражасын Алла Таала көтөрүп, калкына сүйкүмдүү кылып койду. Жараткан аны мээримине бөлөсүн.

Урматтуу Президентибиз да маркум Чубак ажы Жалиловдун элге сиңген эмгегин жогору баалап, «Кыргыз Республикасынын Эл Баатыры» наамын тапшырды. Журт башчынын маркум аалымга көрсөткөн сыйы оболу Жараткандын динине болгон сый-урматы деп эсептейбиз. Президентибиздин буга чейин да диний чөйрөгө камкордук кылып, аалымдарга сый көрсөткөнү эсибизде. Алсак, КМДБнын имаратынын салынышына себепчи болгону, облустук жана райондук диний жетекчилерге 49 даана акыркы үлгүдөгү жапжаңы кызматтык унаа белек кылганы, өлкө боюнча жалпы имамдарды айлык менен камсыз кылууга көмөк көрсөткөнү, ажылык жана кичи ажылыктын уюштурулушунда жана форс-мажордук абалдарда зыяратчыларга шарт түзгөнү, ТМУга мүчө-өлкөлөрдүн Азирети Муфтийлеринин саммитин Бишкекте өтүшүн колдоп бергени, Ислам Академиясын ачканы, жаңы мечиттерге капсула салып, мечиттердин курулушуна салым кошкону ж.б. 

Тарыхта биринчи жолу диний аалымга мамлекеттик жогорку сыйлык берүү да азыркы өлкө башчынын демилгеси менен жүзөгө ашты. Президентибиз бул чечими менен жалпы эле диний аалымдарды жана ишмерлерди сыйлаганын көрсөттү. Эрктүүлүк жана көсөмдүк менен кабыл алынган бул чечим эл кызматындагы жана дин жолундагы эчендеген жаштарга мотивация болуп, мындан ары да берилип кызмат кылуусуна шарт түзөт. Татыктууларды баалап, жогорку сыйлык тапшырган журт башчыбызга жалпы Кыргызстан мусулмандарынын атынан ыраазычылык билдиребиз. Өзүнө бекем ден соолук, ишине ийгилик каалап, Жараткандан береке тилейбиз. Алла сизге ыраазы болсун!».
 

Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закиров баштаган КМДБнын жалпы жамааты