«Силер кайда гана болбогула, Алла (ар дайым) силер менен бирге» (Хадид, 4)
19–20-сентябрь күндөрү Алматы шаарында Казакстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын (КМДБ) уюштуруусунда «QMDB EXPO-2026» эл аралык көргөзмөсү өтөт.
Эки күнгө белгиленген иш-чаранын алкагында КМДБнын руханий-агартуу, кайрымдуулук, маалыматтык, басма, ажылык, вакып жана санариптештирүү багыттарындагы ишмердүүлүгү тааныштырылат. Ошондой эле көргөзмөдө Казакстандагы жана чет өлкөлөрдөгү адал индустриясынын өкүлдөрү өздөрүнүн продукцияларын жана долбоорлорун сунуштайт.
Көргөзмөгө КМДБга караштуу «Халал Даму» стандартташтыруу жана сертификаттоо борбору, «Зекет жана кайрымдуулук» фонду, «Муфтият» басмаканасы, «Мунара» телеканалы, «Таваф Тревел» ажылык компаниясы, «Вакып» фонду, «Камкор-Шарапат» борбору жана башка мекемелер катышат.
Иш-чаранын негизги багыттарынын бири адал индустриясына арналат. Көргөзмөгө Өзбекстан, Кыргызстан жана Кытайдан келген компаниялар менен катар Казакстандын бир катар ири өндүрүүчүлөрү да катышат. Келүүчүлөр эт жана канаттуулардын азыктарын, сүт азыктарын, кондитердик продукцияларды, суусундуктарды, жарым фабрикаттарды жана башка адал продукцияларды көрүп, тааныша алышат.
Көргөзмөгө Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын Адал бөлүмүнүн башчысы Максат Атабаев жана бөлүмдүн адиси Дастан ажы Нукунов да атайын чакыруу менен катышуу үчүн Алматы шаарына барышты.
Кыргызстандык адистердин бул эл аралык иш-чарага катышуусу адал индустриясы жаатында тажрыйба алмашуу, эл аралык байланыштарды бекемдөө жана эки өлкөнүн адал тармагындагы кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүү максатын көздөйт. Ошондой эле иш-чаранын жүрүшүндө адал продукцияларды сертификаттоо, стандартташтыруу, көзөмөлдөө жана адал индустриясын өнүктүрүүнүн заманбап багыттары боюнча тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүгү түзүлөт.
Көргөзмөнүн программасына санариптештирүү темасы да киргизилген. Анда КМДБнын ишмердүүлүгүнө киргизилип жаткан санариптик долбоорлор жана технологиялык чечимдер көпчүлүккө тааныштырылат.
Иш-чаранын жүрүшүндө КМДБнын төрагасы, Башкы муфтий Наурызбай ажы Таған уулунун катышуусунда көргөзмөнүн расмий ачылыш аземи өтөт. Мындан тышкары, адал индустриясынын мыкты ишканаларын сыйлоо аземи, адистердин жолугушуулары жана лекциялар уюштурулат.
Ошондой эле эки күндүн ичинде руханий-агартуу багытындагы жолугушуулар, маектер жана атайын презентациялар өткөрүлөт.
«QMDB EXPO-2026» эл аралык көргөзмөсү 19–20-сентябрь күндөрү саат 09:00дөн 18:00гө чейин Алматы шаарынын Тимирязев көчөсү, 42 дарегиндеги «Бакшасарай» салтанат сарайында өтөт.