«Акылдуу адам — өз напсисин көзөмөлдөп, өлүмдөн кийинки жашоо үчүн амал кылган адам. Алсыз адам болсо — напсисинин каалоолорун ээрчип алып, анан Аллахтан куру кыялдарды гана күткөн адам.» Термизий, 2459, Ахмад, 17164, ибн Маажа, 4260
Общество | 18.06.2026
  • |

МУФТИЯТТЫН АДАЛ БӨЛҮМҮНҮН АДИСТЕРИ «ХАЛАЛ ДАМУ» МЕКЕМЕСИНИН ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ МЕНЕН ТААНЫШТЫ

Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын Адал бөлүмүнүн адистери Казакстан мусулмандарынын Дин башкармалыгына караштуу «Халал Даму» сертификаттоо мекемесинде болуп, аталган мекеменин ишмердүүлүгү менен таанышты.

Иш сапардын алкагында кыргызстандык делегация үчүн тажрыйба алмашууга багытталган атайын жолугушуу уюштурулду. Жолугушуунун жүрүшүндө делегация мүчөлөрү «Халал Даму» мекемесинин кызматкерлери менен кесиптик багыттар боюнча өз-өзүнчө баарлашып, алардын жоопкерчилигиндеги тармактар, иш алып баруу ыкмалары жана кызматтык милдеттерди аткаруу тартиби тууралуу кеңири маалымат алышты.

Ошондой эле кыргызстандык адистерге адал сертификаттоо процесси, өндүрүш ишканаларында жүргүзүлүүчү аудиттик жана инспекциялык текшерүүлөр, продукциянын адал талаптарына шайкештигин көзөмөлдөө, мониторинг жүргүзүү системасы, документтерди даярдоо, каттоо жана архивдөө тартиби тааныштырылды.

Эки тараптын адистери адал индустриясын өнүктүрүү багытындагы практикалык тажрыйбалары менен бөлүшүп, тармактагы актуалдуу маселелерди, эл аралык стандарттарды колдонуу, адистердин кесиптик деңгээлин жогорулатуу жана сертификаттоо системасын өркүндөтүү жолдорун талкуулашты.

Жолугушууда Кыргызстан менен Казакстандын мусулмандарынын дин башкармалыктарынын ортосундагы адал тармагындагы кызматташтыкты мындан ары да бекемдөө, үзгүлтүксүз тажрыйба алмашуу жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу эки тарап үчүн тең маанилүү экени белгиленди.

Бул иш сапар боордош эки өлкөнүн адал тармагындагы кызматташтыгын тереңдетүүгө, адистердин практикалык тажрыйбасын арттырууга жана адал индустриясын эл аралык талаптарга ылайык өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.