"Жамаат менен окулган намаз жеке окулган намаздан 27 даража артык".
 (Бухари, №645; Муслим, №650)
Общество | 18.04.2026
  • |

Ошто Азирети Муфтийдин катышуусунда эки миң орундуу мечиттин ачылыш аземи болду

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закировдун катышуусунда Ош шаарындагы 2000 орундуу «Молдо Рахматулла кары» атындагы заманбап мечиттин ачылыш аземи болду.

Мечиттин салтанаттуу ачылуу аземине КМАКтын алдындагы текшерүү комиссиясынын төрагасы Бакыт ажы Нурдинов, муфтияттын финансы жана чарба бөлүмүнүн башчысы Толкунбек ажы Жуманов, Азирети Муфтийдин Ош шаары, Ош, Баткен жана Нарын облустарындагы өкүлдөрү, Ош шаарынын вице-мэри Эрнис Толтоев, Ош шаардык Кеңешинин депутаты Арыпбек Айтбаев, Ош шаарындагы өкүлчүлүктүн эмгек курамы, Ош шаарындагы мечиттердин имамдары жана «Умму Мухаммад» медресисинин илим талап кылуучулары катышты.

Куран тилаваты менен башталган иш-чарада Азирети Муфтий имамдардын коомдогу ордуна токтолду.

«Намаз окуу бул адамзатка берилген нээмат. Андыктан бардык имамдар беш убак намазга дайым катышып, жергиликтүү жамаат менен тыгыз иш алып барыңыздар. Коомдун муктаж болуп жаткан темалары боюнча муфтият тарабынан атайын адистердин эмгеги менен 4 китеп жарык көргөн. Дал ушул китептерди пайдаланып, элге баян кылыңыздар», – деди Азирети Муфтий

Азирети Муфтий ошондой эле мечиттин курулуш иштерине салым кошкондорго Ыраазычылык баракчасын тапшырса, Ош шаарында бир канча жылдан бери эмгектенген жана дин мээнетин аткарууда башкаларга үлгү болгон айрым мечиттердин имамдарын Ыраазычылык баракча жана акчалай сыйлык менен сыйлады.

Андан соң келген коноктор катары менен сөз сүйлөп, жергиликтүү тургундарды жаңы мечити менен куттукташты.

Маалымат үчүн айта кетсек, «Молдо Рахматулла кары» мечити 3 жылдын ичинде кайрадан жаңы жана заманбап талаптарга жооп берген, жергиликтүү эл тарабынан курулуп, пайдаланууга берилди.