«Акылдуу адам — өз напсисин көзөмөлдөп, өлүмдөн кийинки жашоо үчүн амал кылган адам. Алсыз адам болсо — напсисинин каалоолорун ээрчип алып, анан Аллахтан куру кыялдарды гана күткөн адам.» Термизий, 2459, Ахмад, 17164, ибн Маажа, 4260
Сауд Араб Падышалыгынын Ажылык жана умра министрлиги кечээ, 6-май күнү тараткан билдирүүсүндө ажылыкка баруучуларды расмий тараптар аркылуу гана виза алуу зарылдыгын эскертти.
Министрликтин маалыматына ылайык, ажылык визасы 2026-жылдагы ажылыкка баруууга мүмкүнчүлүк берген жалгыз документ болуп саналат. Виза алуу расмий жол-жоболор менен жүргүзүлүп, ажылык мезгилинде тартипти жана коопсуздукту камсыз кылат.
Министрлик белгилегендей, виза алган ажы ыйык жайларда көрсөтүлгөн кызматтардан толук пайдалана алат. Ошондой эле бул чара зыяратчынын коопсуздугун жана жалпы коомдук тартипти сактоого өбөлгө түзөт.
Ошол эле учурда министрлик бейрасмий тараптарга жана жалган сунуштарга алданбоого чакырып, мыйзамсыз визалар аркылуу Меккеге кирүүгө толугу менен тыюу салынганын эскертти. Ага ылайык, ажылыкка мыйзамсыз жол менен киргендер Сауд Араб Падышалыгынын тиешелүү мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.
Толук маалыматты Саудиянын расмий маалымат агенттигинин сайтынан окусаңыз болот: Saudi Press Agency.