«Өзүңөрдү жана үй-бүлөңөрдү тозок отунан сактагыла» 
(Тахрим сүрөсү, 6-аят)
Общество | 01.08.2026
  • |

Ысык-Көл облусунда дин кызматкерлерине берилген кызматтык автоунаалардын абалы текшерилди

Бүгүн, 1-август күнү, Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын Борбордук текшерүү комиссиясы тарабынан Ысык-Көл облусундагы дин кызматкерлерине пайдаланууга берилген кызматтык автоунаалардын техникалык абалына текшерүү жүргүзүлдү.

Текшерүүгө КМДБнын Борбордук текшерүү комиссиясынын өкүлү Нурлан Анарбаев, КМДБнын финансы-чарба бөлүм адиси Хасан Халилов жана Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын Ысык-Көл облусундагы өкүлү  Арпидин ажы Жороев катышты.

Текшерүү иш-чарасы Ысык-Көл районунун Бостери айылында уюштурулуп, анын алкагында кызматтык автоунаалардын техникалык абалы, ички жана сырткы тазалыгы, пайдалануу тартиби жана жүрүлгөн чакырымы көзөмөлдөндү.

Комиссия тарабынан кызматтык автоунаалар дин кызматкерлерине ишмердүүлүгүн натыйжалуу жүргүзүү үчүн берилген аманат экени белгиленип, аларды кызматтык максатта гана пайдалануу, техникалык тейлөөнү өз убагында жүргүзүү жана КМДБнын вакф мүлкүнө аяр мамиле кылуу зарылдыгы баса белгиленди.

Текшерүүнүн жыйынтыгында кызматтык автоунааларды талапка ылайык пайдалануу жана алардын техникалык абалын туруктуу көзөмөлдөп туруу боюнча тиешелүү сунуштар жана көрсөтмөлөр берилди.