“Кимде-ким илим алуу үчүн жолго чыкса, Аллах ага Бейишке алып баруучу жолду жеңилдетет.” (Муслим, Зикр, 2699)
Общество | 07.07.2026
  • |

КМДБ 2026–2027-жылдардагы умра сезонуна карата авиакомпаниялардын жетекчилери менен жолугушуу өткөрдү

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгында (КМДБ) 2026–2027-жылдардагы умра сезонуна даярдык көрүү алкагында өлкөдө умра багыты боюнча каттамдарды аткарып жаткан Air Arabia, Flynas жана Jazeera Airways авиакомпанияларынын жетекчилери менен Азирети муфтийдин орун басары Шакиржан ажы Маматов баштаган Умра бөлүмүнүн адистеринин жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушууда өлкө жарандары үчүн Сауд Араб Падышалыгына умра сапарларын уюштурууда авиакаттамдардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, билет бааларын мүмкүн болушунча туруктуу деңгээлде кармоо жана өз ара кызматташтыкты мындан ары чыңдоо маселелери талкууланды.
Иш-чаранын жүрүшүндө КМДБ өкүлдөрү буга чейинки умра мезгилдеринде авиакомпаниялар тарабынан көрсөтүлгөн кызматташтык үчүн ыраазычылык билдирип, алардын колдоосу менен миңдеген кыргызстандык зыяратчылар Мекке жана Медине шаарларына өз убагында жетип, ибадаттарын аткарып келүү мүмкүнчүлүк алышканын белгилешти. 
Жолугушууда алдыдагы умра сезонуна байланыштуу бир катар маанилүү маселелер каралды. Атап айтканда:
•    Бишкек жана Ош шаарларынан Жидда жана Медине шаарларына түз авиакаттамдардын санын көбөйтүү мүмкүнчүлүктөрү жана рейстерди эртелетип коюу;
•    жумалык каттамдардын жыштыгын арттыруу;
•    билет бааларын мүмкүн болушунча жеткиликтүү деңгээлде кармоо жана атайын жеңилдетилген тарифтерди кароо;
Ошондой эле КМДБ тарабынан аккредитацияланган умра компаниялары менен авиакомпаниялардын ортосундагы координацияны күчөтүү боюнча биргелешкен иш алып баруу зарылдыгы белгиленди.
Жолугушуунун соңунда тараптар 2026–2027-жылдардагы умра сезонун жогорку деңгээлде уюштуруу, жарандар үчүн ыңгайлуу жана жеткиликтүү авиакаттамдарды камсыз кылуу боюнча кызматташтыкты мындан ары дагы бекемдөөгө кызыкдар экендиктерин билдиришти.
Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы алдыдагы умра мезгилинде мамлекеттик органдар, авиакомпаниялар жана аккредитацияланган умра компаниялары менен тыгыз кызматташуу аркылуу зыяратчылар үчүн бардык шарттарды түзүү багытындагы иштерди улантат.