"Жамаат менен окулган намаз жеке окулган намаздан 27 даража артык".
 (Бухари, №645; Муслим, №650)
Общество | 22.05.2026
  • |

Өлкөдөгү 7 медресеге КМДБ тарабынан жардам берилди

Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин чечими менен Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы тарабынан өлкө аймагындагы 7 медресеге атайын сертификаттар тапшырылды. Иш-чарага Азирети Муфтийдин орун басары Шакир ажы Маматов, медреселердин мүдүрлөрү жана КМДБнын кызматкерлери катышты. Анда Азирети Муфтийдин орун басары сөз сүйлөп, диний окуу жайлардын материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында дал ушундай жардамдар медреселерге жыл сайын берилип жатканын айтты. 
“Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы тарабынан учурда өлкө аймагындагы медреселердин материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында атайын комиссия түзүлүп, 7 диний билим берүү мекемеси тандалып алынды. Ага ылайык, медреселерге керектелүүчү жабдыктар тапшырылууда.” – деди Азирети Муфтийдин орун басары.
Белгилей кетсек медреселерге компьютерлер, керебеттер, столдор жана КМДБдан атайын китептер берилди.