Кыргызстан

Кыргызстан

Мамлекет Борбордук Азиянын  түндүк-чыгышында. Түштүк-батыш жагында Памир-Алайда, түндүк-чыгыш жагында Тянь-Шань жагында. Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Кытай менен чектешет.

Эгемендүүлүктүн датасы 1991-жылдын 31-августунда (СССРден)

Тилдери — кыргыз тили — мамлекеттик, орус тили — расмий.

Кыргыз Республикасынын Президенти — ЖАПАРОВ
Садыр Нургожоевич

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы — Шакиев Нурланбек Тургунбекович

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин башчысы — Жапаров Акылбек Усенбекович

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы —Базарбеков Замирбек Курамаевич

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи   Замир кары Ракиев

Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин төрагасы Абдыманап кары Масалиев

Валютасы— кыргыз сому (KGS, код 417)

Интернет-домени -.kg

Телефондук коду — +996

Саат поясы — UTC +6

Аянты 199,9 миң. км2 (5,8% — токойлор, 4,4% — суулар, 53,3% — айыл чарба жерлери, 36,5% — башка жерлер). 90% жакын аянты деңиздин деңгээлинен 1500 м өйдө жайгашкан.

Борбору — Бишкек (860,7 миң адам).

Чоң шаарлары Ош (255,8 миң), Жалал-Абад (98,4 миң), Каракол (68,0 миң).

Кыргызстан 9 администрациялык аймактан турат — Чүй облусу, Талас облусу, Ысык-Көл облусу, Нарын облусу, Жалал-Абад облусу, Ош облусу, Баткен облусу, Ош шаары жана Бишкек шаары. Облустук борборлор — Талас, Каракол, Нарын, Жалал-Абад, Ош, Баткен.

Жалпысынан республиканын аймагында 100 дөн ашуу улуттардын өкүлдөрү жашайт.