Орун басарлары

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басары  Самидин кары Атабаевдин кыскача өмүр таржымалы

Эскерте кетсек, Самидин кары Атабаев  буга чейин Ош облусунун жана Бишкек шаарынын мусулмандарынын казысы болуп эмгектенип келген.

Атабаев Самидин Абдураимович —  1973-жылдын 27-декабрында Ош областынын Өзгөн районуна караштуу Комсомол айылында төрөлгөн.

Диний жогорку билимге ээ.

  • 1991-1995-жылдарда Бишкектеги Азрети Умар атындагы Кыргызстан
    Ислам институтун бүтүргөн.
  • 2002-2006-жылдары Россия Ислам университетин ийгилүктүү
    аяктаган.

Светтик жогорку билимге ээ.

  • 2016-жылы Ош мамлекеттик юридикалык институтунун бүтүрүп, “Юриспруденция” адистигине ээ болгон. 1995-1996-жылдары аскердик кызматын өтөгөн.
  • Эмгек жолун 2006-жылы Өзгөн районундагы «Абдираим кары»
    медресесинде окуу бөлүмүнүн башчысы кызматын аркалоодон баштаган.
  • 2008-2010-жылдары Өзгөн районундагы  «Имам Аль-Бухарий»
    Ислам институтунун окуу иштери боюнча проректор.
  • 2010 -2015-жылдары Өзгөн районунун баш имам хатиби.
  • 2015-жылдын 28-августунда Кыргызстан Мусулмандарынын Дин
    Башкармасынын түзүмүндөгү бош ваканттык орундарга конкурс өткөрүү боюнча комиссиянын чечиминин негизинде Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийинин №265 буйругу менен Ош облусунун казысы болуп дайындалган.

Самидин кары Атабаевдин жетишкендиктери:

  • 1999-жылы Россия Федерациясынын Москва шаарында өткөн Куран жарыш конкурсунда 3-орун.
  • 2002-жылы Татарстанда өткөн Куран жарыш конкурсунда 1-орун.
  • 2003-жылы Россия Федерациясынын Москва шаарында өткөн Куран конкурсунда 1-орунга ээ болгон.

Сыйлыктары:

2015-жылы “Ош шамы” гезити тарабынан “Жылдын мыкты
жетекчиси” номинациясы менен сыйланган.

2017-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу
жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер боюнча
мамлекеттик агенттигинин ардак грамотасы менен сыйланган. Мындан башка дагы бир
нече ардак грамоталардын жана ыраазычылык баракчалардын ээси.

Самидин кары Атабаев спорттун волейбол түрүнө кызыгат. 2003-жылы волейбол боюнча 1-орунду камсыз кылган.

Орус, түрк, өзбек, араб тилдеринде эркин сүйлөйт.

Үй-бүлөлүү, эки уул, үч кыздын атасы.


Кадырбердиев Абибилла Набидинович Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басары

 

Абибилла ажы Кадырбердиев 1977-жылдын 19-декабрында Баткен облусундагы Кадамжай районуна караштуу Жаңы-Жер айылында туулган.

БИЛИМИ:

1996-жылы Совет айылындагы №72 Кесиптик-техникалык окуу жайында билим алып, «көркөм кооздоочу» адистигине ээ болгон.  2003-2007-жылдары Кадамжай районуна караштуу Өрүкзар айылындагы «Азирети Усман» атындагы медреседе окуган.

ЭМГЕК ЖОЛУ:

1998-1997 — 2004-жылга чейин Жаңы-Жер айылындагы №28 Абдрахманов атындагы орто мектебинде көркөм өнөр жана черчение сабактары боюнча мугалим болуп эмгектенген;

2007-2009 — «Азирети Усман» медресесинде мүдүрдүн орун басары;

2009-2010 —Жаңы-Жер айылындагы «Имам Аьзам» атындагы мечитте имам;

2010-2015 — Кадамжай районуна караштуу Кара-Дөбө айылындагы «Имам Аьзам» медреседе баш мударис;

2013-2016 — Жаңы-Жер айылындагы жаңы «Алхаади» атындагы мечитте имам хатиб;

2014-2015 — Баткен облустук казыятында фатва бөлүмүнүн башчысы;

2014-жылдын 4-мартынан бери КРдин Аалымдар кеңешинин мүчөсү;

2015-жыл декабрь — Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын диний окуу жайлар бөлүмүнүн кызматкери.

2016-жыл, ноябрь — 2017-жыл, апрель — Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын үгүт-насаат, жаштар жана түрдүү агымдар менен иштөө бөлүмүнүн башкы адиси;

2017-жыл 3-апрель — Аалымдар кеңешинин төрагасынын орун басары жана Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын аппарат жетекчиси.

2019-жылдын 19-февралынан 2021-жылдын апрель айына чейин Аалымдар кеңешинин төрагасы.

Үй-бүлөлүү, эки уул, эки кыздын атасы.