Үгүт-насаат бөлүмү

КМДБнын даават, үгүт-насаат жана аялдар менен иштөө бөлүмү

Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын даават, үгүт – насаат, жаштар жана аялдар бөлүмүнүн башчысы Билалидин ажы Сайпиев.

Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын даават, үгүт – насаат, жаш-тар жана аялдар бөлүмү Кыргызстан мусулмандарына Ислам дининин асыл сыпатта -рын, улук улуулугун, адеп ахлактарын жеткирүүдө бир катар иштерди аткарып келет. Даават, үгүт – насаат, жаштар жана аялдар бөлүмү Алла Тааланын ыраазылыгы үчүн элибизге Ислам дининбиздин негиздерин өз жашоолоруна алып келүүнү түшүндүрүп, мусулманчылыктын асыл сыпаттарына, ыймандуулукка, сабырдуулукка жана өз ара урмат – сый, ынтымактуу мамиледе болуп, ата – мекенди сүйүүгө, улуттар аралык ынтымакка чакыруу максатында иш алып барат. КМДБнын үгүт – насаат иштери Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын Уставына ылайык, ата – бабалардан бери келе жаткан салттуу Ханафий мазхабын жайылтууга, өзүн оңдоо үчүн элди сүйүүгө, ынтымак, биримдикке чакырууга салым кошуу менен үгүтчүлөрдүн өздүгүн тактоо жана каттоо иштерин тыкыр көзөмөлдөйт.

Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы тарабынан дааватка чыккандар үчүн атайын жобо иштелип чыгып, учурда жобого ылайык аймактардан дааватка чыккан мекендештерибизди каттоо жана аларга уруксаат баракчасын берүү иштери мКыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын даават, үгүт – насаат, жаштар жана аялдар бөлүмү тарабынан жүргүзүлүп келүүдө. Ошондой эле бүгүнкү күнгө чейин Ош шаарында, Жалал-Абад облусунда, Чүй облусунун Кара-Балта шаарында жана Бишкек шаарынын борбордук мечитинде дааватчылардын билим деңгээлдерин жогорулатуу максатында атайын 1 айылык окуу курстары уюштурулуп келет. Окуу курсунда Куран, Фыкх, Ханафий мазхабы жана Матрудия акыйдасы, жүрүм-турум эрежелери жана КРдин диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясы окутулууда. Бүгүнкү күндө өлкө аймагы боюнча 1780 дааватчыга окуу курсун ийгиликтүү аяктагандыгы үчүн КМДБ тарабынан сертификат тапшырылды.

2017-жылдын март айына чейин 154 дааватчы окуп, өздөрүнүн билимдерин жогорулатышкан. Муну менен катар дааватчылардынкийим-кечелерин оңдоо максатында, дааватчыларга Кыргызстандын шартына ылайык ата-бабабыздан келе жаткан улуттук жана диний үлгүдөгү кийимдердин модели иштелип чыгып, демөөрчүлөрдүн жардамы күз мезгилине жана жаз мезгилине ылайыкташкан 1200 даана форма тигилип, бардык облус, райондорго чейин таратылды.

Муфтияттын даават бөлүмү 2014-2018-жылдар аралыгында облустук жана райондук дааватчылардын жана жалпы элдин билимин жана ыйман деңгээлин көтөрүү максатында, «Мекенди сүйүү”, “Достук мамиле”, “Чынчылдык”, “Наркомандык”, “Суицид”, “Ата-энени урматтоо”, “Паракорлуктун зыяны”, “Зынаанын зыяны” темаларында облустук казыятар, райондук имам хатибтер, көрүнүктүү дин аалымдар менен биргеликте түшүндүрүү иштери жана лекциялар өткөрүлүүдө. Ошондой эле Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгыгынын даават, үгүт-насаат жана ар кандай агымдар менен иштөө бөлүмү Кыргыз Республикасынын мамалекеттик жаза өтөө мекемеси менен биргеликте 10 жылдан ашуун убакыттан бери абактагы мекендештерибизге Ханафий мазхабы, Матрудий акыйдасы, ыймандуулук, сабырдуулук, адеп-ахлак, ата-мекенди сүйүү, тарбиянын маанилүүлүгү темалары боюнча үгүт-насаат, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, абактагы мекендештерибизге дагы көңүл бөлүп келишүүдө.