
Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казысы Нематулла ажы Жээнбеков Аксы районунун администрация башчысы Замирбек Сыдыков менен биргеликте айыл өкмөт башчылары, айылдык кеңештин төрөгалары, райондун аксакалдарынын катышуусунда жыйын өткөрдү. Жыйында КРнын Президентинин ыксыз чыгымдарды азайтуу боюнча кабыл алынган …

Кара-Суу районунда9 — май — Жеңиш күнүнө карата салтанаттуу жүрүш уюштурулду. Саамалыкка Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Турусбек Ногоев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана Кара-Суу районунун баш имам-хатиби Абдирашит ажы Батыров катышты. Эскерүү митинг-реквиемде …

Сузак районуна караштуу Кара-Дарыя айылында согуштун ардагери Төлөн Базаров ааламдан өтүп, аны акыркы сапарга узатуу зыйнатына Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казысы Нематулла ажы Жээнбеков, райондогу мекеме-ишканалардын жетекчилери, жакындары катышты. Төлөн Базаров жубайы Тургунпаша апа менен 6 …

Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарынын баш имам-хатиби Абсаттар ажы Эркинбеков шаардагы укук коргоо кызматкерлери менен биргеликте №12544- аскердик бөлүктүн жоокерлери менен жолугушту. Мекен сакчылары менен жолугушууда баш имам-хатиб “Мекенди сүйүү-ыймандан”, “Мекенди коргоонун сообу” темаларында баяндама жасады. “Мекендин тынчтыгын, элдин амандыгын, жерибизди, чек араларыбызды коргоо ар бирибиздин …

Ноокенде 100дөн ашуун аз камсыз болгон үй-бүлөгө 2000 сомдук азык-түлүк Рамазан баштыкчасы таратылды
Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун баш имам-хатиби Тынчтыкбек ажы Шаиковдун демилгеси менен 100дөн ашуун аз камсыз болгон үй-бүлөгө 2000 сомдук азык-түлүк Рамазан баштыкчасы таратылды. Иш-чара Рамазан айында ооз ачуу (ифтарлык) катарында берилип, жетим-жесирлерге кубаныч тартуулоо максатында уюштурулган. “Мындай иш-чара жергиликтүү демөөрчүлөрдүн колдоосу менен Рамазан айы …

Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казысы Нематилла ажы Жээнбеков райондук баш имам-хатибдер менен жолугушуп, садака-фитир боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, диний объектилердин каттоосун тездетүү маселесин карады. Жыйында мечиттердин каттоосу боюнча райондун баш имам-хатибдери маалымат беришип, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү …