Баткен облусунун мусулмандар казыяты
Лейлек районунун Раззаков шаарындагы «Абдулло ибн Аббас» ислам институтуна демөөрчүлөрдүн колдоосу менен жатакананын курулуш иштери башталды. Имарат жалпысынан 60 орунга ылайыкташтырылган. «2021- жылы 1 кабаттуу 40 орунга ылайыкташтырылган жатакана салынган болчу. Окуучулардын саны өскөндүктөн имаратка экинчи кабат куруу зарылдыгы пайда болду»,- деди Абдулло ибн Аббас ислам …
Баткен облусундагы дин кызматкерлеринин ынтымагын, биримдигин чыңдоо, ден соолукка кам көрүү максатында район, шаар имам-хатибдеринин жана медресе мугалимдеринин арасында облус казысы Нуридин ажы Мамасабировдун демилгеси менен “Спорт-ден соолуктун булагы” аталышында футбол, аркан тартыш , кол күрөш жана таш көтөрүү боюнча спорттук мелдеш өткөрүлдү. Спорттук иш-чара Кадамжай шаарында …
Баткен облустук мусулмандарынын казыяты “Мутакалим” аялдар коомдук бирикмеси менен биргеликте зордук-зомбулуктун алдын алуу максатында семинар уюштурду. Семинарга облус казысы Нуридин ажы Мамасабиров, райондук администрациянын үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмүнүн башкы адиси Салима Кокчоева, «Тынчтык демилгеси …
Баткен облусунун мусулмандарынын казыятынын кызматкери Сайдахмад ажы Аппазов Чоң -Кара айылындагы Токтогул атындагы орто мектебиндеги окуучулар менен жолугушуп “адеп ахлак”, “илимге болгон умтулуу”, “улууну сыйлоо”, «ата-энени урматтоо» темаларын камтыган “Келечек ыймандуу жаштардын колунда” аттуу баяндама жасады. Жолугушууга мектеп жетекчилери, мугалимдер катышып, окуучулар …
Баткен облусунда «Биз менен ооз ачыңыз» акциясы өтүп, жарандарга майрамдык маанай тартууланды. Акциянын алкагында Баткен казыятынын кызматкерлери жана медресе окуучулары айдоочуларга, жүргүнчүлөргө жана жарандарга ооз ачууга ылайыкташкан чакан баштыкчаларды таратып, ыйык Рамазан айы менен куттуктады. Жумушунан кеч чыгып, үйүнө шашып бара жаткан Орозгүл Калыкова акция …
Кадамжай районун борбордук мечитинде Баткен облусунун мусулмандарынын казысынын орун басары Муса ажы Жолдошов, казыяттын үгүт-насаат жана мечиттер бөлүмүнүн адиси Аппазов Сайдахмад эсептик каттоодон өтпөгөн мечит имамдары менен жолугушту. Жыйында Муса ажы Жолдошов Кадамжай райондук администрациясынан …