Аппарат жетекчилиги

Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын Аппарат жетекчиси Азамат Исмаилов

КМДБнын Аппараты

КМДБнын Аппараты ички иш аракетердин жакшырышын камсыздап, иш кагаздарын жана документ жүгүртүү иштерин, экономикалык жана материалдык-техникалык камсыздоону көзөмөлдөйт. Муну менен катар КМДБ жана Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеӊешинин буйруктарынын жана чечимдеринин аткарылышын карап, аймактагы түзүмдөр менен өз ара тыгыз, бирге иш алып баруусун камсыздайт. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдары менен тыгыз байланышта иштеп, Азирети Муфтий тарабынан коюлган маселелерди жана тапшырмаларды чечет.