Маалымат

Кыргызстандагы диний сабаттуулук

Диний сабаттуулук – бул бир диндин моралдык, адеп-ахлактык жана маданий негиздеринин чегинде муундан муунга билим катары өткөрүлүүчү баалуулук жана адамзаттын өнүгүүсү. Кыргызстандагы диний билим берүүнүн системасы, ал жерде жашаган адамдардын тарыхына жана башынан ар кандай ишенимдерди кечирген көчмөн эл катары таанылган менталитетине байланыштуу түптөлгөн.

Кыргызстандын аймагында диний билим берүүнүн жана диний сабатуулуктун тарыхы Орто Азиянын диний абалына жараша мааниге ээ болуп, атактуу аалым Имам Сарахсий жана Сражидин Аль-Оший сымал илимпоздорго түздөн-түз байланышып, алардын доору диний билимдин жогорку деңгээлин түптөгөн Борбордук Азиядагы билим борбору деп таанылган Бухара, Самарканд, Фергана жана байыркы Ош шаарларына негиз алган. Кыргызстандагы диний сабаттуулук алгачкы мезгилден тартып Ханафий мазхабдын негизинде түптөлгөн. Билим берүүнүн ушул жолу, илим билим жагынан интелекти жогору жана руханий жагынан жетишкен адамдарды даярдоо менен диний билим берүүнүн өнүгүүсүнө жол ачты. Натыйжада эл арасында илим жайылтуу менен алектенген “Кожо”, “Молдо” жана “Эшен” аталыштагы (феномен) түшүнүктөрү пайда болуп, адамдар аларды мугалим катары таанышкан. Буга мисал катары Молдо Ниязды, Тоголок Молдону жана Молдо Кылыч жана башкаларды айтып өтсөк болот. Көңүл бурчуу маселе, аты аталган адамдар өзүнүн диний сабаты жана мезгилиндеги саясий идеологиялык кырдаалага жараша эмгектери жана чыгармалары жөнөкөй коомдук, жүрүм турумдук жана карым катнаш маселелеринде шайкеш келгендиктен идеологиялык куугунтука кабылбастан, алардын эмгектери бизге түз келип жетип, аларды жумурай журт таанып билишет. Ошол эле учурда өзүнүн “Аль-Мабсут” деген эмгеги менен бүт Ислам ааламына таанымал, Өзгөн шаарында төрөлүп, үлкөн илимге жетишип, ааламга аты кеткен аалымдан (сөөгү да ошол жерге койулган) көпчүлүк кабарсыз. Мына ошондой эле башка дин илими менен алектенген атактуулар да ушундай тагдырда.

Кыргыз тарыхында диний билим берүү системасы, бала тарбиялоодогу негизги бөлүк катары кабыл алынган. Ошол себептен ар бир ата-эне балдарын молдонун колуна тапшырууга шарт түзүп, анын билимдүү болуусуна аракет кылышкан.

Диний билим берүүдөгү чоң өзгөрүү Орус Падышалыгынын жана Советтер Союзунун доорунда болуп өттү. Өзгөчө Орус Падышалыгынын доорунда Казан жана Уфа шаарларында диний билим берүү жана диний басылмалар күч алган. Алардын таасири астында Кыргызстанда да алгылыктуу иш аракеттер аткарылган. Ал эми Советтер Союзу мезгилинде учурдун атеисттик мүнөзүнө жараша диний билим берүү коомчулуктун муктаждыгын чече турган элемент катары кабыл алынбай калган. Ага карабастан Казан менен Уфа коом талабына ылайык диний билим берүүнү ошол учурдун талабына шайкеш уланта берген. Белгилүү коомдук ишмер, алгачкы интеллигент катары таанымал (албетте бул кийинки көз карашта) кирилл тамгаларына негиздеп кыргыз алфавитин түзгөн илимпоз Ишенаалы Арабаев Уфадагы “Галия” медресесинде билим алган. Ал медресе бүгүнкү күнү да ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет.

Идеалогиялык кысымдын натыйжасында коомдун талабы артып, жооп бере турган шарт табылбагандыктан жергиликтүү салтка ылайык дин билимин жайылтуунун жаңы феномени пайда болду. Бул көрүнүш “хужра” деп аталып, жергиликтүү элдин үрп-адат, каада салтына негизделген, советтик исламдын элеси пайда болду. Сырткы дүйнөдөн үзүлгөн, ошол эле учурда чет жактагы Ислам ааламынын билим берүүдөгү маанилүү адабияттары менен таанышуу мүмкүнчүлүгүнөн айрылган, бирок мурас катары бааланган эски диний адабияттарды өлтүрбөй жашоо сунуп келди. Жергиликтүү элдеги диний сабатуулуктун мындай абалы жаңыча тажрыйба сунду. Натыйжада жалпы мусулман калкы динге караганда үрп-адатка басым жасалган көз карашка ыңгайлашып, кайсы бир диний же саясий маселелерге либералдык мүнөздө кароого үйрөнө баштады.

Ачык коомдун үлгүсүн кабыл алуу менен эгемендүүлүкө жетишкен жылдардан тарта, көптөгөн Кыргызстандыктар алдыда бараткан чет өлкөлүк окуу борборлор менен таанышуу мүмкүнчүгүнө ээ болушту. Бирок баарысы эле мындай окууга жетише алышкан жок. Арада жергиликтүү жеке адамдардын аракети менен алгачкы медреселер түптөлө баштады. Бир кылымга жакын кыймылсыз калган медресе билимканасынын ишмердүүлүгүн жөнгө салуу оңойго турган жок. Алардын материалдык техникалык базасын чыңдоо, юридикалык базасын аныктоо, окуу тарбиялык программаларын жазып чыгуу эбегейсиз күчтү талап кылды. Эгемендүүлүкө жетишсек да тарыхта болуп көрбөгөн мамлекеттин үлгүсүнө ээ болдук.

Бирок, мезгил оошот, убакыт тогошот дегендей, мезгил ооп Атамбаев Алмаз Шаршеновичтин бийлиги учурунда 2014-жылы 14-февралда Коргоо Кеңешинин отуруму болуп, ал жерде эгемендүү 26 жыл ичинде алгачкы ирет мамлекетибиздеги диний чөйрөгө көңүл бурулду, эгемендүү мамлекеттин дин саясаты аныкталды. Эң негизгиси Кыргыз жергесине таандык мазхабдык (Абу Ханифа) жана акыйдалык (Матрудия) багыттар бекемделип белгиленди.

Учурдагы абал

Кыргызстан ачык өлкө болуу менен укуктуулук жана демократия маселесинде борбордук азиядагы эң алдыңкы өлкө деп айтсак болот. Конституция кепилдиги дин тутуу эркиндигин да ичине камтыгандыктан, эгемендүүлүктүн алгачкы күндөрүнөн тарта дин билимин жайылтуунун аракеттери көрүлө баштады.

Кыргызстан мусулмандар Уламалар кеңешинин 14.05.2013-жылы № 5 токтомунун негизинде Кыргызстандагы диний билим берүү Концепциясы кабыл алынды.

Ислам билим берүү негиздерин түптөө маселеси, мусулмандар үчүн эле эмес, Кыргызстан мусулмандарынын келечегин, биздин коомдун эртеңки күнүн ойлогондордун бардыгынын башкы маселеси болуп эсептелет. Анткени, бүгүнкү күндө коомдо адеп-ахлак баалуулугуна умтулуу бир топ деңгээлде жоголуп, материалдык баалуулукту өйдө койуу, жалпы калктын жакырлануусу, аракечтик жана башка терс көрүнүштөрдүн орун алуусу байкалууда. Диний окуу жайларынын негизги максаты, жогорку адистиктеги мусулман ишмерлерин, ислам жана дүйнөлүк илимдердин ар кайсы тармагы боюнча адистерди даярдоо аркылуу коомдун руханий-адеп-ахлактык негизин бекемдөө болуп эсептелет эмеспи. Коомду демократиялаштыруу сөз эркиндигине, ачык басылмаларга жана каалагандай пикет уюштурууга эле алып келбестен, иш жүзүндө абийирсиздиктин жайылуусуна да алып келди. Диний аң-сезимдин өз бетинче түптөлүүсү башталды. Мурдагы союздук республикаларда эгемендүүлүктүн башталуусу, Исламдын дүркүрөп өсүп-өнүгүүсүнүн мезгили болуп калды. Кыргызстандагы бул татаал жана бир кылка эмес процесстин ажырагыс бөлүгү болуп, 1991-жылга чейин официалдуу түрдө жок болгон ислам окуу жайларын уюштуруу жана легалдаштыруу эсептелет.

Мамлекет жетекчилери өлкө жарандары үчүн баш мыйзам кепилдигине кирген дин тутуу эркиндиги жашоодон туура орун табуусу үчүн зарыл болгон чечим, токтом жана мыйзамдарды коомдун талабына жараша иштеп чыгып сунуп турду.

Эң орчундуусу КР президентинин 2014-жылдын 14-ноябрындагы ПЖ № 203 Жарлыгы менен бекитилген 2014-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын Концепциясы кабыл алды. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин 2014-жылдын 3-февралындагы отурумунда кабыл алынды.

Концепция мамлекеттин дин аралашпаган конституциялык принцибинин негизинде (Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 1-беренеси), мамлекет жана анын органдары коомдун кайсы бир бөлүгүнө эмес, бүткүл коомго кызмат кылаарын (5-берене), ошондой эле Кыргыз Республикасында эч бир дин мамлекеттик же милдеттүү дин катары кабыл алынышы мүмкүн эмес; дин жана бардык ырасымдар мамлекеттен ажыратылган; диний бирикмелердин жана дин кызматчыларынын мамлекеттик органдардын ишине кийлигишүүсүнө тыюу салынат деген Конституциянын7-беренесинин жоболорун эске алуу менен иштелип чыккан.

Бул Концепция — 2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын «Мамлекеттик-диний жана конфессиялар аралык өз ара мамилелерди оптималдаштыруу» бөлүмүнүн приоритеттерин ишке ашыруу боюнча максаттарга, милдеттерге жана зарыл болгон чараларга мамлекеттин расмий өңүтүн билдирет.

Концепция Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 7-февралындагы № 24 ПЖ «Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат жөнүндө Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин чечимин ишке ашыруу тууралуу» Жарлыгын аткаруу үчүн иштелип чыккан.

Дин Кыргыз Республикасын социалдык, маданий жана руханий өнүктүрүүнүн олуттуу бөлүгү болуп эсептелет. Кыргыз Республикасында эгемендик жылдарында диний чөйрөнү эркин өнүктүрүү үчүн шарттар түзүлдү. Диний уюмдардын ырасымдык, социалдык, өндүрүштүк-чарбалык ишиндеги чектөөлөр алып салынды. Мамлекет менен конфессиялардын ортосундагы цивилизациялык мамилеге негиз салынды, мамлекет менен диний уюмдардын ортосундагы конструктивдүү диалог, социалдык өнөктөштүк үчүн өбөлгөлөр түзүлдү.

Ошол эле учурда диний саясаттын концептуалдуу негиздерин иштеп чыгуунун жана мамлекет менен диндин өз ар