ААЛЫМДАР КЕҢЕШИ

Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңеши Кыргызстан Мусулмандар Курултайынан кийинки жогорку органы болуп саналат. Аалымдар Кеңеши өз иш аракеттерин Кыргыз Республикасынын кызыкчылыгын, Ислам дининин, Кыргызстан Мусулмандарынын укугун коргоо жана колдоо максатында жүргүзөт. Аалымдар Кеңеши өзүнүн ишмердүүлүгүн Курултай тарабынан бекитилген «Аалымдар Кеңеши жөнүндөгү Жобонун» негизинде алып барат. 21 кишиден турган Аалымдар Кеңешинин мүчөлөрүн Куралтай үч жылга шайлайт.

Аалымдар кеңешинин төрөгасы

Абибилла ажы Кадырбердиев

 

 


Аалымдар кеңешинин төрөгасынын оорун басары

Ниязали ажы Арипов

 

 


Аалымдар кеңешинин төрөгасынын оорун басары

Фархат ажы Юсупов

 

 


Шахомахомат ажы Шаюсупов

 

 

 

 

Тажибай ажы Байтеитов

 

 

 


Кадыр ажы Маликов

 

 

 


Бактияр Токтогазы уулу

 

 

 


Жигитали ажы Исмаилов

 

 

 


Кабылбек ажы Акматов

 

 

 


Кенжетай ажы Курманходжаев

 

 

 


Кимсанбай ажы Абдурахманов

 

 

 


Кочконбай ажы Садиллаев

 

 

 


Абдыманап ажы Масалиев

 

 

 


Мамасабыр ажы Досболов (Молдо Сабыр)

 

 

 


Нурдин ажы Асомудинов (Молдо Надыр)

 

 

 


Сайдамир ажы Джейналиев

 

 

 


Абдишүкүр ажы Нарматов

 

 

 


Марс ажы Ибраев

 

 

 


Чубак ажы Жалилов

 

 

 


Жакшылык ажы Борочоров

 

 

 


Абдымалик ажы Турсунбеков

 

 

 

 

 

______________________________________________________________

Молдо Сабыр ажы Досболов

Молдо Сабыр ажы Досболовдун кыскача өмүр таржымылы
Досболов Мамасабыр устаз (Молдо Сабыр) 1955-жылы Баткен районуна караштуу Зардалы айылында туулган.

Ал мектепте окуп жүргөндө эле диний сабатын атасынан ачат. Орто мектепти бүтүргөндөн кийин, андан ары диний илимге кызыгып, окуусун ушул багытта улантат. Дин илимин толук түрдө алууну 1971-жылдан баштап Баширов Молдо Шамшидин устаздан баштаган.

Андан ары Тажикстандын Исфара аймагындагы улуу аалым Молдо Абдисами каарыдан илим алуусун улантат. Араб тилин жана грамматикасын, хадис, тафсир жана башка илимдерди фарси, чагатай тилдерин өздөштүрөт. 1976-жылдан Молдо Абдысаттар устаздан илимин улантып, фикх, акыйда, фараиз ж.б. илимдерди үйрөнөт.

1979-1989-жылдар аралыгында балдарга билим берүүнү өз алдынча баштайт. 1989-жылдан баштап Бухара шаарындагы «Мир Араб» медресесинде устаздык кылат.

1993-1995-жылдарда Бишкеке келип «Акоша» атындагы медресени уюштуруп ошол эле жылы Кыргыз Республикссынын Улуттук илимдер акедемиясында кенже илимий кызматкер болуп кызмат өтөйт. 1995-1996-жылдары «Акоша» медреседе мударрис. 1996-жылы Кыргызстан мусулмандарынын экинчи курултайын уюштурган.

1996-1997-жылдарда Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгында Уламалар кеңешинин мүчөсү. 1997-1998 Азирети муфтийдин орун басары кызматын аркалайт. 1997-2000-жылдар арасында «Осоо Ислам Нуру» журналын жетектеп, чыгарат. Ошол жылдардын арасында котормочулук менен да алектенет. 1998-2001-жылдары Мусулмандар Бин Башкармалыгында фатва бөлүмүн башкарат. 2001-жылы «Расул Акрам» Ислам институтун негиздеп, ага жетекчи болот. 2001-2016 жылдар арасында аталган институттун жетекчилигин аркалаган.

2017-жылы Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин VI чакырылышынын мүчөсү болот. Андан бери «Маданий борбор» кайрымдуулук мекемесин негиздеп, аны башкарат. Бул иштин алкагында 7 жерге Куран жаттоо борборлорун уюштурат. Учурда Аалымдар Кеңешинин мүчөсү, өзү негиздеген Ислам институттун мударриси жана Кеңешчи тобунун төрөгасы. Азыркы мезгилге чейин миңдеген диний билими жогору балдарды тарбиялаган жана билим берип келе жатат. Молдо Сабыр устаз 13 баланын атасы, өзү 16 бир тууган болгон. Молдо Сабыр устаз медресе окуучуларына сабак берип гана тим болбостон, өзүнчө дин тармагында китептерди жазып, котормочулук менен алектенет.
Кыргыз тилинде жазган китептери:
1.Дин тиреги – намаз
2.Намаз – бейиштин ачкычы
3.Мөөлүт китеби
Араб тилинен которгон китептери
1. «Мунаббихат». Майх инбун Хажар Аскалани
2. «Акыйда-и Тахавия». Имам Тахави
3. «Фикхул Акбар». Имам Аззам Абуханифа
4. «Ал-Васият». Имам Аззам Абуханифа
5. «Акийдаи Аннасафи». Имам Насафи
6. «Акийда бад-ул Амоли». Сирожиддин ал-Оши
7. «Акийда издия Молдо Жалал». Молдо Жалал Ижжи
8. «Муктасарул-викоя». Убайдулло ал-Бухари
9. «Айюхал валад». Имам Газали
10. «Ыйык Курандын кыргызча мааниси» (аягына чыга элек), үзүндүлөрү «Ислам Нуру» журналына жарыяланган.

Перс тилинен которгон китептери
1. «Мажму атут-таварих». Сайпидин Молдо менен анын уулу Ноорузмухаммеддин китеби. (О. Соорон Сопу менен бирдикте которгон).
2. «Улукман Хакимдин уулуна айткан 100-насааты»
Чагатай тилинен которгон китептери:
1. Жусуп Баласагындын «Кутадгу Билиг» («Кут алчу билим») китебинен акыйда, тасаввуф жана адеп-ахлак жөнүндө айтылган бейттерин чогултуп, даярдап Куттуу Илим деген ат менен жарык көрүү астында турат.
2. «Азирети Кул кожо Ахметтин хикметтери»
3. «Фаргана хандарынын тарыхы». Магзунин китеби, . (О. Соорон Сопу менен бирдикте которгон).
4. «Насаб наама». (О. Соорон Сопу менен биргелешип которгон).
Араб арибинен азыркы кыргыз тамгасына көчүргөн китеби:
1. «Азирети Эшен пирибиз». Молдо Ашир. (О. Соорон Сопу менен бирдикте которгон). «Бийиктик басылмасы», 2005-ж.

Молдо Сабыр устаздын окутуп чыгарган шакирттери азыркы күндө казы, имам хатиб, котормочу, имам, мударрис, ж.б. жогорку диний кызматтарда иштешет.

_________________________________________________________________________________________

Туңгуч Муфтий Кимсанбай ажы Абдурахмановдун кыскача өмүр таржымалы

Кимсанбай ажы Абдурахманов 1940-жылдын 10-июлунда Өзбекстандын Фергана облусундагы (Кыргызстандын Баткен шаарынан 15 километр алыстагы) Жанабад айылында жергиликтүү кыргыз үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген.

Ал 1957-жылда орто мектепти аяктап, 1959-жылы Өзбекстандын Бухара шаарындагы Мир-и Араб Ислам медресесине окууга кирген. 1962-1966-жылдарда Советтер Биримдигинин (Советтер Союзунун) Ыраакы Чыгышында Аскердик Деңиз флотунда кызмат өтөп. аскерден кайткан соң Мир-и Араб Ислам медресесиндеги окуусун улантып, 1971-жылда ийгиликтүү бүтүргөн.

1971-1976-жылдарда Ташкендеги Борбордук Азия жана Казакстан мусулмандарынын Диний Башкармасында «Советтик Чыгыштын мусулмандары» журналынын редакциясында адабий кызматкер болуп эмгектенген.

1976-1980-жылдары ал Иорданиянын борбору Иордан (Үрдүн) шаарындагы Үрдүн мамлекеттик университетинин Шарият факультетинде окуп, аны ийгиликтүү бүтүрүп, Иорданиянын падышасынын колунан Ислам шариатынын адиси деген дипломду алган.

1980-1982- жылдары “Советтик чыгыштын мусулмандары” журналынын редакциясында журналдын араб тили жана өзбек тили вариянтынын редактору болуп иштеген.

1982-1986-жылдары Кимсанбай ажы Бухара шаарындагы Мир-и Араб Ислам медресесинин директору болуп иштейт.

1987-1989-жылдары Борбордук Азия жана Казакстан мусулмандарынын Диний Башкармасынын «Фатва» бөлүмүндө эмгектенип, 1990-жылдын мартынан 1992- жылдын сентябрына чейин Кыргызстан мусулмандарынын казыятынын төрагасы — Казы болуп кызматын кылат.

1992- жылдын август айынын аягында Кыргызстан мусулмандарынын 1-Курултайы болуп, эгемендүү Кыргызыстан мусулмандарынын Диний Башкармасын түзүп, анын төрагасы (Муфтий) кылып Кимсанбай ажы Абдурахмановду дайындайт.

Муфтий Кимсанбай ажы 1990-жылдын сентябрында Бишкек шаарында Кыргызстандагы туңгуч ислам медресесин ачты. Бул медресени 1993-жылды Ислам Инситутуна айлантып, окуу программаларын да жогору даражага көтөрүп, ага «Азрети Али» наамын берди. Ушул жылы Кимсанбай ажынын демилгеси менен Кыргызстандын облустарында да Ислам медреселери ачылып иштей баштады. 1991-жылы Кимсанбай ажы баш болгон биринчи жолу 450 киши Кыргызстандан Саудия Аравиясына ажылыкка барышты. Ушул жылы Муфтий Кимсанбай ажынын демилгеси менен даргин улуттары жашай турган айылда Ислам медресеси жана Курани Каримди жаттоо ишин багыттаган каарылар медресеси ачылып, иштей баштады. Муфтий Кимсанбай ажы Эмираттагы белгилүү шейхтердин бири менен сүйлөшүп, Бишкек шаарында жаңы стилдеги борбор мечитин куруп берүүгө жардам сурап, ал курган борбордук мечит 1995-жылдын октябрь айында бүткөрүлдү. Азыркы күндөрдө да ал мечит борбордук мечит наамында кызмат кылып келүүдө.

1994- жылы Азирети Муфтий Кимсанбай ажынын аракети менен Саудиядагы Ислам Банкы борбордук мечиттин жанындагы чоң имаратты сатып алып берди.

1996- жылы Кимсанбай ажы Кыргызстан мусулмандарынын Диний Башкармасын жана «Азрети Умар» институтун учурдагы Гоголь 57 дарегиндеги имаратка көчүрүп киргизди. Азыркы мезгилде дагы дал ушул имаратта Диний Башкармалыгы жана Кыргызстан Ислам университети иштеп жатат.

Азирети Муфтий Кимсанбай ажынын аракеттери менен 1990-жылга чейинки Кыргызстандагы 36 мечиттин саны миңден ашты. «Азирети Умар» Ислам институтунда Мисрден келген араб мугалимдер араб тилинен сабак бере баштады. 1996-жылдын декабрында Кимсанбай ажы Кыргызстандын Муфтийи кызматынан алгачкы жолу бошоду. Ал эми 2000-жылдан 2003-жылдын сентябрына чейин Кимсанбай ажы экинчи жолу Кыргызстан Мусулмандарынын Муфтийи болуп кызмат кылды. 2004-2007-жылдары Кимсанбай ажы Бишкек шаарындагы Махмуд Кашкарий мечитинде имам хатиб болуп иштеди. 2008-жылдын апрелинен баштап, Бишкек шаарындагы жаңы курулган Мусакан төрө мечитинде имам хатиб (башкы имам) болуп үзүрлүү кызмат өтөөдө.

______________________________________________________________________________

Садиллаев Көчкөнбай Жаныкуловичтин өмүр баяны
1959-жылдын 13-сентябрында Баткен районуна караштуу Зардалы айылында мугалимдин үй-бүлөсүндө туулган.
Өкмөт ошол жылы Зардалы айылынан Кара- Бак айылына элди көчүргөндүктөн, күбөлүккө атын Көчкөнбай деп жазып койушкан. Ата-энеси салт боюнча Нишанбай аттуу айыл аксакалына ат койуп берүүнү өтүнүшкөндө, эгер мен айткан ысымды өзгөртпөй алып жүрөбүз десеңер, “Ашыр датка” атабыздай даңктуу эл адамы болсун деп Ашырбай койгон. Ошентип, эки ысымды бирдей алып жүрөт. Нишанбай аксакал өмүрүнүн аягына чейин, уулуңардын атын өзгөткөн жоксуңарбы? — деп сурап жүргөн.
Молдо Ашыр жаштайынан дин билимин айылдаш молдо ава-агаларынан, Тажикстандагы айтылуу Абдисами ажыдан окуган.
— Орто мектепти аяктаган соң Советтик армиянын катарында 1979-жылы аскердик милдетти өтөгөн.
— Диний ишмердүүлүгүн 1989-1993 – жылдары Өбекстандын Бухара шаарындагы Мир Араб медресесинде мударрис (окутуучу мугалим) болуп баштаган.
— Андан кийин Молдо Сабыр устаздын демилгеси менен Кыргызстанга келип 1994-1996 – жылдары Сокулук районунун Кызыл Туу орто мектебинде мугалим болуп иштеп, ошол айылга диний медресе уюштурган.
— 1997-1998- жылдары Ысык Көл облусунун Кара Кол шаарында “Кара Кол”медресесинин мүдүрү кызматын аркалаган.
— 1998-1999 — жылдары «Азрети Умар» атындагы Ислам институтунда проректор болуп иштеген.
— Учурда Кыргызстан Ислам университетинде ага окутуучу.
1997-1999-жылдары Ислам институтунда иштеген жылдары Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармасында жооптуу катчылык милдетти да аркалаган.
— 1999-2002-жылдары Чүй облусунун казысы болуп иштеген.
-2003-2006-жылдары Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгында, Азрети муфтийдин орун басары болуп иштеген.

Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин 1-2-3-5-6 чакырылышынын ардактуу мүчөсү.
Үй бүлөлүү, 3 уул, бир кыздын атасы.