КМДБнын Аппараты

КМДБнын Аппараты ички иш аракетердин жакшырышын камсыздап, иш кагаздарын жана документ жүгүртүү иштерин, экономикалык жана материалдык-техникалык камсыздоону көзөмөлдөйт. Муну менен катар КМДБ жана Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин буйруктарынын жана чечимдеринин аткарылышын карап, аймактагы түзүмдөр менен өз ара тыгыз, бирге иш алып баруусун камсыздайт. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдары менен тыгыз байланышта иштеп, Азирети Муфтий тарабынан коюлган маселелерди жана тапшырмаларды чечет.

КМДБнын аппаратынын иш башкармалык,  чарбалык жана курулуш иштери боюнча бөлүмү

КМДБнын аппаратынын иш башкармалык, чарбалык жана курулуш иштери боюнча бөлүмү Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Бакшармалыгынын карамагындагы казыяттардын, хатибияттардын жана мечиттердин бардык мүлктөрүн инвентаризациядан өткөрүп, элдин буюмдарын этияттоого жана бул мүлктөр вакфтыкы экендиги боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзөт. Муну менен катар бөлүм курулуш тармагындагы иштерди көзөмөлдөп, КМДБ тарабынан уюштурулган бардык иш чаралардын өтүшүн ишке ашырат. Ал эми учурда мечиттердин каттоосу боюнча бир катар иштер жүргүзүлүп, бүгүнкү күндө аймактагы мечиттердин каттоодон өтүшүнө жергиликтүү бийлик өкүлдөрү да өз салымдарын кошууда. Бүгүнкү күндө өлкө боюнча 2811 мечит болсо анын ичинен 2492 мечит мамлекеттик каттоодон өткөрүлгөн. Ал эми 319 мечиттин тиешелүү докуметтери такталып, каттоодон өткөрүүгө даярдалууда. Учурда Бишкек шаарында Түркия мамлекетинин “Дия -нет” фонду тарабынан Орто Азиядагы эң ири мечит курулуп, ага дүйнөгө белгилүү дин аалымы имам Сарахсийдин ысымы ыйгарылды. Мечиттин сыйынмдуулугу 10 миң адамга ылайыкташып, аянты 3,56 гектарды түзөт. Мечит 4 мунаралуу болуп, ар бири -нин узундугу 67 метр. Мечиттин курулушу 2012-жылы башталып, 2018-жылдын сентябрь айында ишке берилди.