Ажылык-Умра жана эл аралык байланыштар бөлүмү

КМДБнын Ажылык-Умра жана Эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Жолдошбек ажы Абдылдаев
КМДБнын Ажылык-Умра жана Эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Жолдошбек ажы Абдылдаев

Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын Ажылык-Умра жана Эл аралык байланыштар бөлүмү

Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы жылдан жылга ажылыкты уюштуруунун деңгээлин көтөрүүгө аракет кылып келет. 2017-жылдан тарта  ажылык электрондук түрдө каттоо жана аймактык кезекке тургузуу онлайн системасы аркылуу ишке ашырылды.  Коомчулук арасындагы ар кандай ишембөөчүлүктү жаратып келеген ажылык иши 2014-жылдан бери ирээтке келтирилип, толугу менен бир системалуу жолго түшүп, эң башкысы коррупциядан арылды. Муну менен катар 2015-жылдан тарта кыргызстандык ажыларды заманбап автобустар тейлеп, тамак-аш, мейманканалар жакшыртылды. Ажыга барууга акы төлөөнүн жана жарандарды эсепке алуунун электрондук системасы киргизилди. Бүгүнкү күндө ажыга акы төлөө боюнча РСК мамлекеттик банкында эсептик счеттор ачылып, бардык төлөмдөр которуу жолу менен жүргүзүлүүдө. Ошондой эле ажылыкты ачык-айкын өткөрүү максатында Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев мекемелер аралык комиссия түзүп, бүгүнкү күнгө чейин үзүрлүү эмгектенип келишүүдө. 2016-жылы  Сауд Араб Падышачылыгынын ажылык министрлиги Кыргызстандын ажылыкты уюштуруу иштерине «ЭҢ ЖАКШЫ» деген баасын берип, мындай жетишкенчилиги үчүн Кыргыз элине ыраазычылыгын билдирди. Учурда ажылыкка катоо тартиби электрондук системага өтүп, жарандар өз кезектерин мобилдик тиркеме аркылуу көрө алышмакчы.