Шакиржан ажы Маматов — Бишкек шаарынын мусулмандар казысы

Маматов Шакиржан Валиевич 1968-жылдын 20-апрелинде Ош облусунун ошол кездеги Фрунзе районунун Пүлгөн айылында төрөлгөн. 1975-1985-жылдары Пүлгөндөгү М. Ломоносов атындагы мектепте окуган. 1986-1988-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат кылган. 1989-1996-жылдары Кадамжай районунун Айдаркен шаарындагы «Хазирети Али» медресесинде илим алган.

Эмгек жолу:

  • 1996-1997-жылдары «Хазирети Али» медресесинде мугалим;
  • 1997-1999-жылдары Кадамжай районуна караштуу Пүлгөн айылында жайгашкан «Молдо Мухтар» мечитинде имам;
  • 1999-2000-жылдары Кадамжай районунун баш имам-хатиби;
  • 2001-2005-жылдары Ысык-Көл облусунун казысы;
  • 2002-жылдан тарта 2013-жылга чейин Аалымдар кеңешинин мүчөсү;
  • 2005-2006-жылдары Баткен облусунун казысы;
  • 2006-2010-жылдары Бишкек шаарынын казысы;
  • 2010-2012-жылдары Ош шаарынын казысы;
  • 2012-2013-жылдары Баткен облусунун казысы;
  • 2013-жылы Бишкек шаарынын казысы;
  • 2014-жылдан тартып 2022-жылга чейин жеке ишкер катары “Идеал Травел” туристтик агенттигинде директор;
  • 2019- 2020-жылга чейин Баткен облусунун Кадамжай районунун баш имам-хатиби;

Шакиржан ажы 2022-жылдын апрель айынан тарта Бишкек шаарынын мусулмандарынын казысы болуп эмгектенип келе жатат. Үй-бүлөлүү: 2 уул, 4 кыздын атасы