Мурзакул кары Осмонов — Ош шаарынын мусулмандар казысы

Ош шаарынын мусулмандарынын казысы болуп Мурзакул кары Осмонов дайындалды. Тиешелүү буйрукка Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев кол койду.

Мурзакул Осмонов Ош облусунун Чоң Алай районуна караштуу Дароот-Коргон айылында туулган.
2000-2003-жылдары Бишкек шаарындагы «Умар бин Хаттаб» медресесинен билим алган.
2011-2015-жылдары Ош облусундагы «Абдужапар» Ислам институтун аяктаган.  

2009-2016-жылдары Ош ТУнун Энергетика факультетин бүтүргөн.
2013 –жылы шаар казысынынын жардамчысы
2014–жылы «Роббаний»мечитинин имам хатиби
2016-жылы Ош шаарынын Туран кичи районунда жайгашкан “Умму Мухаммад” медресесинин мүдүрү
2016-2019-жылга чейин Ош шаарындагы Ак-Буура чыгыш хатибиятынын баш имам-хатиби
2014 –2022 жылдары  «Имам аль Бухари Алай» мечитинин имам-хатиби
2022-жылдын февраль айынан бүгүнкү күнгө чейин  Ош шаарындагы «Али аль-Байт» мечитинин имам-хатиби болуп эмгектенип келген.