Жалал-Абад казыятынын кызматкерлери сел жүргөн аймактардан кабар алышты

Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казысы Нематулла ажы Жээнбековдун тапшырмасы менен казыят кызматкерлери облус аймагындагы сел жүргөн айылдарга барып, жеринен кабар алышты. Казынын орун басары Алибек ажы Батыралиев Ноокен, Базар-Коргон районуна бөлүнсө, окуу жана мечит адиси Арпидин …

Дальше »

Жалал-Абад казыятынын эски имаратынын чатыры сырдалып, оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү

Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казыяты КМДБнын “КРнын аймагындагы Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын түзүмүнө кирген диний мекемелерге ишембиликтерди өткөрүү жөнүндөгү” буйругун аткарууга алып, облус аймагындагы бардык диний мекемелерде массалык ишембиликтерди өткөрүп жатат. Ишембиликтин алкагында эскилиги жеткен мечит, медреселердин …

Дальше »

Жалал-Абадда массалык ишембилик өткөрүлдү

Президент Садыр Жапаров тарабынан демилгеленген «Жашыл Мурас» улуттук акциясына жигердүү катышуу жана Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закировдун 1 айлык ишембилик өтөрүү жөнүндөгү тапшырмасына ылайык Жалал-Абад облусунда ири масштабдагы ишембилик уюштурулду. Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз …

Дальше »

Жалал-Абадда «Өмүр – аманат» жана «Биз менен бирге ооз ачыңыз» акциялары өткөрүлдү

Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казыяты жана КР ИИМдин ЖКККББнын Жалал-Абад облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү менен биргеликте «Өмүр – аманат» жана «Биз менен бирге ооз ачыңыз» аталышындагы иш-чара өткөрүлдү. Саамалыкта Жалал-Абад шаарынын жана Сузак …

Дальше »

Базар-Коргондо 420 муктаж үй-бүлөгө азык-түлүк баштыгы таратылды

Базар-Коргон районунун борбордук «Ак-Тайлак ата» мечитинде райондун айыл аймактарынан келген 420 үй-бүлөгө Рамазан айынын акыркы он күндүгүндө азык-түлүк баштыктары таратылды. Базар-Коргон райондук хатибиятынын демилгеси, кайрымдуулук багытындагы “Икомут-Татвиир” фондунун колдоосу менен ун, кум шекер, макарон, өсүмдүк майы туз, күрүчтөн турган рамазандык баштыктар муктаж үй-бүлөлөргө берилди. …

Дальше »

Алибек ажы Батыралиев: «Ислам дини боорукерликтин үстүнө курулган»

Жалал-Абад медициналык коллежинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-2027-жылдарга экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү программасын ишке ашыруу боюнча студенттер менен жолугушуу болуп, адистер тарабынан экстремизм жана терроризм боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Жолугушууга Жалал-Абад ОИИБнын экстремизмге каршы …

Дальше »

Базар-Коргондо ата-энелерге суицид жана анын кесепеттери боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Жалал-Абад  облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Кеңеш айыл аймагындагы  № 31 Алишер Абдырахманов атындагы oрто мектебинин окуучуларына, алардын ата-энелерине суицид жана анын кесепеттери боюнча түшүндүрүү иштерин  жүргүзүү багытында атайын иш-чара болуп өттү. Иш-чарага Базар-Коргон райондук билим берүү …

Дальше »

Алибек ажы Батыралив: «Тазалыкты сактоо менен жаратылыштын жакшыруусуна салым кошолу»

Жалал-Абад облусунун аймагындагы жалпы мечит-медреселерде, диний окуу борборлордо Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин буйругун ишке ашыруу максатында массалык түрдө ишембилик өткөрүлдү. Анда КМДБнын түзүмүндөгү диний мекемелердин кызматкерлери өздөрүнө тиешелүү болгон имараттардын ички жана сырткы абалына көңүл …

Дальше »

Жалал-Абад казыятынын кызматкерлери мечиттерди зыярат кылып, таравих намаздарынан кабар алууда

Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казысы Нематулла ажы Жээнбековдун тапшырмасы менен жакынкы район-шаарлардагы Куран катмы окулуп жаткан мечиттер казыят тарабынан атайын түзүлгөн комиссия тарабынан көзөмөл кылынууда. Текшерүү кечээ, 19-март күнү Сузак районундагы бир катар мечиттерде жүргүзүлгөн.  Жалал-Абад …

Дальше »

Жалал-Абадда 100 балага ооз ачырылып, 20 үй-бүлөгө жардам берилди

Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казыяты “Хадия камкор” фонду менен биргеликте 100 балага ооз ачтырып, 20 үй-бүлөгө азык-түлүк салынган баштыкчаларды таратты. Казыяттын окуу жана мечит боюнча адиси Арпидин ажы Жороев улуу Рамазан айы мээримдүүлүктүн, кечиримдүүлүктүн, эң башкысы …

Дальше »

Жалал-Абад: Ишкер 6 мечитке рамазандык белек тартуулады

Рамазан айынын урматына жеке ишкер Мирусс Эгембердиев Ноокен районундагы 6 мечитке чаң соргуч, Курани Каримдин кыргызча котормосу жана хадис китептерин белек кылды. Бул тууралуу Ноокен районунун баш имам-хатиби Тынчтыкбек ажы Шаиков билдирди. Анын айтымында, жеке …

Дальше »

Нематулла ажы Жээнбеков «Коопсуз өлкө — туруктуу келечек» аттуу форумга катышып, баяндама жасады

Жалал-Абад шаарындагы Барпы атындагы кыргыз драма театрында КРнын ички иштер министринин орун басары, милициянын генерал-майору О. Урмамбетовдун катышуусунда Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 5-майындагы №60 “Укук бузуулардын алдын алуунун негиздери жөнүндө” мыйзамынын аткарылышын уюштуруу жана күчөтүү максатында …

Дальше »